https://sputnik.kg/20261110/lavrov-jkku-korgonuu-darameti-chinydoo-toragalyk-1104818370.html
Лавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айтты
Лавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия өзүнүн төрагалыгы алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) күч-кубатын арттырууга, салттуу жана жаңы жаралган... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T18:00+0600
2026-11-10T18:00+0600
2026-11-10T18:00+0600
дүйнөдө
россия
жкку
жыйын
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100599892_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_3589a0f3654451d98e85b655dca0fcdf.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия өзүнүн төрагалыгы алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) күч-кубатын арттырууга, салттуу жана жаңы жаралган коркунучтарга каршы турууга чоң маани берет. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.Министр белгилегендей, Россия бүгүнкү жолугушуунун жемиштүү өтүшүнө өзгөчө маани берип, бардык багыттарда кызматташтыкты арттыруу үчүн уюмдун интеграциялык дараметин толук колдонууга умтулат.Мындан тышкары, министр Россиянын төрагалыгы астында ЖККУнун бир жылдык иши жемиштүү өткөнүн айтты.
https://sputnik.kg/20261110/vladimir-putin-zhkkunun-darametin-arttyruuga-chakyrdy-1104810785.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100599892_176:0:2905:2047_1920x0_80_0_0_4d71837bf09572ed1b9e9148048508da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, жкку, жыйын
дүйнөдө, россия, жкку, жыйын
Лавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айтты
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия өзүнүн төрагалыгы алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) күч-кубатын арттырууга, салттуу жана жаңы жаралган коркунучтарга каршы турууга чоң маани берет. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россиянын төрагалыгы учурунда тышкы саясатты тыгыз координациялоого, салттуу жана жаңы коркунучтарга чогуу каршы турууга, ошондой эле ЖККУнун коргонуу дараметин бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз", — деди ал ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен отурумунда.
Министр белгилегендей, Россия бүгүнкү жолугушуунун жемиштүү өтүшүнө өзгөчө маани берип, бардык багыттарда кызматташтыкты арттыруу үчүн уюмдун интеграциялык дараметин толук колдонууга умтулат.
"Бүгүнкү жана эртеңки иштин жыйынтыктары эркин, көп уюлдуу жана адилеттүү дүйнө тартибин калыптандырууга салым кошот деп ишенебиз. Бул, албетте, жалпы Евразия континентинде теңчилик менен коопсуздуктун бөлүнбөстүк принциптерине негизделген, конструктивдүү кызматташууга даяр бардык мамлекеттер үчүн ачык болгон жаңы коопсуздук архитектурасын курууну шарттайт", — деп белгиледи Лавров.
Мындан тышкары, министр Россиянын төрагалыгы астында ЖККУнун бир жылдык иши жемиштүү өткөнүн айтты.
"Эртең уюмдун быйылкы жылдагы эң негизги саясий окуясы — Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Биргелешкен иштин жыйынтыгын, албетте, эртең мамлекет башчыларыбыз чыгарышат. Бирок азыртан эле биздин союздаштык түзүмдүн алкагындагы байланыштарды өнүктүрүү багытында бул жыл жемиштүү болду деп айтууга негиз бар", — деди ал.