https://sputnik.kg/20261110/amir-ala-archa-tragediya-minkab-tekshertuu-1104814169.html
Касымалиев 15 жаштагы Амирдин өлүмүн иликтөөнү тапшырды
Касымалиев 15 жаштагы Амирдин өлүмүн иликтөөнү тапшырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болгон... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T16:18+0600
2026-11-10T16:18+0600
2026-11-10T16:24+0600
кыргызстан
"ала-арча" улуттук паркы
министрлер кабинети
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101500002_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_621c482ee29e14a34ad9a9401e5c2218.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болгон жагдайларын ар тараптуу текшерүүнү тапшырды.Тиешелүү тапшырма Президенттин администрациясынын чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына берилди.Текшерүү маалында төмөнкү жагдайларга өзгөчө көңүл бурулат:Президенттин администрациясынын Көзөмөл башкармалыгына берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка өз убагында ачык жарыялоо милдети жүктөлдү.Анын жыйынтыгы менен уюштуруучулук жана системалык мүнөздөгү зарыл чаралар аныкталып, эгерде эреже бузуулар тастыкталса, мыйзамдардын чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен жарыштан четтетилген соң Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге байланышка чыгып адашып калганын кабарлаган өспүрүмдүн сөөгү эки күнгө созулган издөөдөн кийин жалама аскадан табылган.
https://sputnik.kg/20261110/15-zhashtagy-amir-kunakunovdu-zherge-berishti-1104809206.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101500002_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_17999cbbb700705d460247216e56ca09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, министрлер кабинети, текшерүү
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, министрлер кабинети, текшерүү
Касымалиев 15 жаштагы Амирдин өлүмүн иликтөөнү тапшырды
16:18 10.11.2026 (Жаңыртылды: 16:24 10.11.2026) БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болгон жагдайларын ар тараптуу текшерүүнү тапшырды.
Тиешелүү тапшырма Президенттин администрациясынын чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына берилди.
Текшерүү маалында төмөнкү жагдайларга өзгөчө көңүл бурулат:
жардам сурап кайрылган чалуунун өз убагында кабыл алынышы жана тиешелүү кызматтарга жеткирилиши;
издөө-куткаруу операциясынын уюштурулушу;
бөлүмдөрдүн жана кызматтардын ортосундагы өз ара кызматташуусу;
техникалык жана адам ресурстарынын канчалык деңгээлде туура колдонулгандыгы.
Президенттин администрациясынын Көзөмөл башкармалыгына берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка өз убагында ачык жарыялоо милдети жүктөлдү.
Анын жыйынтыгы менен уюштуруучулук жана системалык мүнөздөгү зарыл чаралар аныкталып, эгерде эреже бузуулар тастыкталса, мыйзамдардын чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.
Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен жарыштан четтетилген соң Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге байланышка чыгып адашып калганын кабарлаган өспүрүмдүн сөөгү эки күнгө созулган издөөдөн кийин жалама аскадан табылган.