https://sputnik.kg/20261103/okkulttuk-kyzmat-internet-jarnama-chektik-dolboor-1104683418.html
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталды
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда оккульттук жана психологиялык кызмат көрсөткөндөргө (психологиялык кызматта — кесиптик билими жок болсо) айып салуу... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T14:24+0600
2026-11-03T14:24+0600
2026-11-03T14:24+0600
кыргызстан
көзү ачык
психолог
айып
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0c/1086015254_1:455:2377:1792_1920x0_80_0_0_2c218e1cfc9a7e8eb2ac77bc4fed2e90.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда оккульттук жана психологиялык кызмат көрсөткөндөргө (психологиялык кызматта — кесиптик билими жок болсо) айып салуу сунушталууда.Мындай демилге менен Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева жана Болот Сагынаев чыгышты.Мыйзам долбоорунун авторлору мындай кызматтарды социалдык тармактарда, анын ичинде блогерлер аркылуу жарнамалоого жана жайылтууга тыюуну күчөтүүнү көздөп жатышат.Биринчи жолку эреже бузуу үчүн жеке жактарга 10 миң сом, ал эми бир жыл ичинде кайталанса — 20 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.Демилгечилердин айтымында, оккульттук кызматтарды жарнамалоого тыюу салынганы менен, алардын өзүн токтотууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми алдамчылык беренеси менен жоопко тартуу үчүн жарандардын алданганын жана материалдык чыгым тартканын далилдөө кыйынчылык жаратат.
https://sputnik.kg/20261020/akcha-adaldoo-ayyp-pul-1104401734.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0c/1086015254_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_ee7e04788605416e87a196fdc212b51c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, көзү ачык, психолог, айып
кыргызстан, көзү ачык, психолог, айып
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталды
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда оккульттук жана психологиялык кызмат көрсөткөндөргө (психологиялык кызматта — кесиптик билими жок болсо) айып салуу сунушталууда.
Мындай демилге менен Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева жана Болот Сагынаев чыгышты.
Мыйзам долбоорунун авторлору мындай кызматтарды социалдык тармактарда, анын ичинде блогерлер аркылуу жарнамалоого жана жайылтууга тыюуну күчөтүүнү көздөп жатышат.
Биринчи жолку эреже бузуу үчүн жеке жактарга 10 миң сом, ал эми бир жыл ичинде кайталанса — 20 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.
Демилгечилердин айтымында, оккульттук кызматтарды жарнамалоого тыюу салынганы менен, алардын өзүн токтотууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми алдамчылык беренеси менен жоопко тартуу үчүн жарандардын алданганын жана материалдык чыгым тартканын далилдөө кыйынчылык жаратат.