https://sputnik.kg/20261020/akcha-adaldoo-ayyp-pul-1104401734.html
Өлкөдө акча адалдаган компанияларга 1 млн. сомго чейин айып салуу сунушталды
Өлкөдө акча адалдаган компанияларга 1 млн. сомго чейин айып салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T19:45+0600
2026-10-20T19:45+0600
2026-10-20T19:45+0600
кыргызстан
акча
адалдоо
айып пул
мыйзам долбоору
кылмыш
https://sputnik.kg/img/101327/09/1013270984_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_555b03490e99c6cb0caa7a0f615f2a3a.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда. Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да юридикалык жактар менен катар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунда айып пул укук бузуунун түрүнө жана компаниянын кирешесине жараша белгиленген. Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын бузган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин, ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Ал эми кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу жана айрым учурларда ишкананы жабуу каралган.
https://sputnik.kg/20251113/karzhy-kylmysh-sottuuluk-kattoodon-otpoyt-1097813990.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101327/09/1013270984_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_29ee5ebbe9f7ff274e49506bc1d9d09e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акча, адалдоо, айып пул, мыйзам долбоору, кылмыш
кыргызстан, акча, адалдоо, айып пул, мыйзам долбоору, кылмыш
Өлкөдө акча адалдаган компанияларга 1 млн. сомго чейин айып салуу сунушталды
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда. Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да юридикалык жактар менен катар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорунда айып пул укук бузуунун түрүнө жана компаниянын кирешесине жараша белгиленген. Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын бузган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин, ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда.
Ал эми кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу жана айрым учурларда ишкананы жабуу каралган.

13 Жетинин айы 2025, 10:42