https://sputnik.kg/20261030/kalkty-aldagan-piramidalar-1104612744.html
Элден 5 млрд. сом чогулткан. Калкты алдаган пирамидалар аныкталды
Элден 5 млрд. сом чогулткан. Калкты алдаган пирамидалар аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа прокаты жана жеке клиникалардын атын жамынган каржы пирамидалары калктан беш миллиард сомдон ашык акча... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T13:45+0600
2026-10-30T13:45+0600
2026-10-30T15:18+0600
кыргызстан
каржы пирамидасы
шылуундук
акча
которуу
улуттук банк
адис
маалымат
маалымат борбор
https://sputnik.kg/img/103819/16/1038191634_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_7354df7f58bbd7d172581fd38fe8c883.jpg
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа прокаты жана жеке клиникалардын атын жамынган каржы пирамидалары калктан беш миллиард сомдон ашык акча чогулткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда Улуттук банк менен Финкөзөмөлдүн өкүлдөрү билдирди. Тиешелүү материалдар ИИМге өткөрүп берилгени кабарланды. Алдамчылар жылдык пайданы 40 пайызга чейин аласыңар деп убада кылып келишкен. Ошондой эле алдамчылар каражатты чет өлкөгө чыгаруу үчүн 18–21 жаштагы балдар-кыздардын банк карталарын колдонуп жатканы айтылды. Муну менен катар коркунуч күчөп, кылмышкерлер жасалма интеллект аркылуу тууган-туушкан, жакындардын үнүн жана кебетесин көчүрүп акча сураган учурлар катталууда. Андыктан банк карталарын жана жеке маалыматтарды эч кимге бербей, шектүү билдирүүлөр келсе кайра чалып тактоо кажет.
https://sputnik.kg/20260629/iim-antares-trade-boyuncha-bildiruu-taratty-1102143680.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103819/16/1038191634_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_48fd20f3c5c4b62f0f8300a5594de466.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каржы пирамидасы, шылуундук, акча, которуу, улуттук банк, адис, маалымат
кыргызстан, каржы пирамидасы, шылуундук, акча, которуу, улуттук банк, адис, маалымат
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа прокаты жана жеке клиникалардын атын жамынган каржы пирамидалары калктан беш миллиард сомдон ашык акча чогулткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда Улуттук банк менен Финкөзөмөлдүн өкүлдөрү билдирди.
Тиешелүү материалдар ИИМге өткөрүп берилгени кабарланды. Алдамчылар жылдык пайданы 40 пайызга чейин аласыңар деп убада кылып келишкен.
"Жылдык кирешеси 20 пайыздан жогору болсо, бул күмөн жаратат. Ошондой эле бир жерге акча салуудан мурда лицензиясын караш керек. Элден акча кабыл алып, иштетүүгө өлкөдө 26 банк жана үч гана микрофинансылык компаниянын укугу бар", — дешти адистер.
Ошондой эле алдамчылар каражатты чет өлкөгө чыгаруу үчүн 18–21 жаштагы балдар-кыздардын банк карталарын колдонуп жатканы айтылды. Муну менен катар коркунуч күчөп, кылмышкерлер жасалма интеллект аркылуу тууган-туушкан, жакындардын үнүн жана кебетесин көчүрүп акча сураган учурлар катталууда. Андыктан банк карталарын жана жеке маалыматтарды эч кимге бербей, шектүү билдирүүлөр келсе кайра чалып тактоо кажет.