https://sputnik.kg/20261027/bishkek-orto-aziya-romansiadasy-video-1104541388.html
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти болду. Ыр майрамдын видеосу
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти болду. Ыр майрамдын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында X юбилейлик эл аралык "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун гала-концерти өттү. 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T14:16+0600
2026-10-27T14:16+0600
2026-10-27T14:35+0600
кыргызстан
бишкек
россия
концерт
сынак
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104541535_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_d5e9d98bb86477f93702d1e6c49b75f8.jpg
Баш калаага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан романстын эң мыкты аткаруучулары чогулушту. Алар Урмат Тентимишовдун жетекчилиги алдындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин коштоосунда өнөр көрсөтүштү. Гала-концерттин башында катышуучулар, калыстар тобунун мүчөлөрү жана көрүүчүлөр алты күн айырма менен дүйнөдөн кайткан СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева менен Роза Айтматованын жаркын элестерин эскеришти. Сынактын катышуучуларына КРдин маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал "Орто Азия романсиадасы" жаш аткаруучулардын таланттарын ачууга, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлде таанылуусуна көмөктөшөрүн баса белгиледи. Мындан тышкары, Дайырбеков Бишкектеги "Русский дом" борборунун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык байланыштарды, маданий кызматташтыкты жана достукту өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына, педагогдорго, музыканттарга жана өнөктөштөргө ыраазылык билдирди. Россотрудничествонун жетекчиси Игорь Чайка өзүнүн видеокуттуктоосунда масштабдуу чыгармачыл долбоор 600дөн ашык жаш талантка чоң сахнаны ачып бергенин белгиледи. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн жана лауреаттарынын көбү бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын атактуу өнөрпоздору экенин белгиледи. Быйыл конкурс орус жана кыргыз маданиятынын эки улуу ишмери — Дмитрий Шостаковичтин менен Абдылас Малдыбаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгына арналды. Эки улуу композитордун юбилейинин урматына атайын сыйлыктарды Казакстандан келген Шаштай Таншолпан жана Жарылкасын Нурасыл алышты. Дагы бир маанилүү окуя — "Русский" дом борборунун 15 жылдыгы. Бул окуяга арналган атайын сыйлыкты бишкектик Бекзат Садыков алды. Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев конкурска жаш ырчылар көп катышып жатканын белгиледи. "Сынактын тандоо турлары тарыхта биринчи жолу Алматыда, Ташкентте, Душанбеде, ошондой эле Бишкекте, Ошто жана Кара-Балтада өткөрүлдү. Көптөгөн балдар үчүн бул — чоң сахнада өнөр көрсөтүүнүн биринчи тажрыйбасы. Биз үчүн эң негизгиси — таланттардын ачылышы үчүн шарт түзүү", — деди ал. Конкурстун жыйынтыгы боюнча баш байгенин ээси намангандык таланат Акобиржон Собиржонов болду. Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Маданий жана гуманитардык демилгелердин фонду, Бишкектеги "Русский дом", "Романсиада" кайрымдуулук фонду жана "Евразия" уюму уюштурду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — конкурстун маалыматтык өнөктөшү. Агенттиктин шеф-редактору Бакыт Смаилов, салтка айлангандай, романсиаданын эң жаш катышуучуларына атайын сыйлыктарды тапшырды.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104541535_443:0:1883:1080_1920x0_80_0_0_a99c5947c400056d739f2d1aa6866e36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, россия, концерт, сынак, видео, видео
кыргызстан, бишкек, россия, концерт, сынак, видео, видео
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти болду. Ыр майрамдын видеосу
14:16 27.10.2026 (Жаңыртылды: 14:35 27.10.2026) Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында X юбилейлик эл аралык "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун гала-концерти өттү.
Баш калаага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан романстын эң мыкты аткаруучулары чогулушту. Алар Урмат Тентимишовдун жетекчилиги алдындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин коштоосунда өнөр көрсөтүштү.
Гала-концерттин башында катышуучулар, калыстар тобунун мүчөлөрү жана көрүүчүлөр алты күн айырма менен дүйнөдөн кайткан СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева менен Роза Айтматованын жаркын элестерин эскеришти.
Сынактын катышуучуларына КРдин маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал "Орто Азия романсиадасы" жаш аткаруучулардын таланттарын ачууга, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлде таанылуусуна көмөктөшөрүн баса белгиледи. Мындан тышкары, Дайырбеков Бишкектеги "Русский дом" борборунун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык байланыштарды, маданий кызматташтыкты жана достукту өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына, педагогдорго, музыканттарга жана өнөктөштөргө ыраазылык билдирди.
Россотрудничествонун жетекчиси Игорь Чайка өзүнүн видеокуттуктоосунда масштабдуу чыгармачыл долбоор 600дөн ашык жаш талантка чоң сахнаны ачып бергенин белгиледи. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн жана лауреаттарынын көбү бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын атактуу өнөрпоздору экенин белгиледи.
Быйыл конкурс орус жана кыргыз маданиятынын эки улуу ишмери — Дмитрий Шостаковичтин менен Абдылас Малдыбаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгына арналды. Эки улуу композитордун юбилейинин урматына атайын сыйлыктарды Казакстандан келген Шаштай Таншолпан жана Жарылкасын Нурасыл алышты. Дагы бир маанилүү окуя — "Русский" дом борборунун 15 жылдыгы. Бул окуяга арналган атайын сыйлыкты бишкектик Бекзат Садыков алды.
Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев конкурска жаш ырчылар көп катышып жатканын белгиледи.
"Сынактын тандоо турлары тарыхта биринчи жолу Алматыда, Ташкентте, Душанбеде, ошондой эле Бишкекте, Ошто жана Кара-Балтада өткөрүлдү. Көптөгөн балдар үчүн бул — чоң сахнада өнөр көрсөтүүнүн биринчи тажрыйбасы. Биз үчүн эң негизгиси — таланттардын ачылышы үчүн шарт түзүү", — деди ал.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча баш байгенин ээси намангандык таланат Акобиржон Собиржонов болду.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Маданий жана гуманитардык демилгелердин фонду, Бишкектеги "Русский дом", "Романсиада" кайрымдуулук фонду жана "Евразия" уюму уюштурду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — конкурстун маалыматтык өнөктөшү. Агенттиктин шеф-редактору Бакыт Смаилов, салтка айлангандай, романсиаданын эң жаш катышуучуларына атайын сыйлыктарды тапшырды.