https://sputnik.kg/20261023/sadyr-zhaparov-4-saat-uktajt-1104466256.html
Силер 7,5 миллион, мен жалгызмын. Садыр Жапаров төрт эле саат уктап жатканын айтты
Силер 7,5 миллион, мен жалгызмын. Садыр Жапаров төрт эле саат уктап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты. 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T12:03+0600
2026-10-23T12:03+0600
2026-10-23T12:03+0600
кыргызстан
садыр жапаров
график
уйку
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104462826_0:191:2560:1631_1920x0_80_0_0_38c443d6c1c92b187ab6cd2a4721b23b.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты. Жергиликтүү тургун президент менен жолугушууда мамлекет башчысынын кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, кире албай койгонуна даттанды. Ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, алардан мамлекеттин пайдасына деп акча алышканын билдирди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай квитанция же соттун чечими берилген эмес. Жапаров күч түзүмдөрүнө маселени териштирүүнү тапшырды.
https://sputnik.kg/20261023/zhaparov-kendirbaevany-syndady-1104463429.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104462826_66:0:2494:1821_1920x0_80_0_0_cb6a04eb2b950ae21f829c253f0788d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, график, уйку, жолугушуу
кыргызстан, садыр жапаров, график, уйку, жолугушуу
Силер 7,5 миллион, мен жалгызмын. Садыр Жапаров төрт эле саат уктап жатканын айтты
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты.
Жергиликтүү тургун президент менен жолугушууда мамлекет башчысынын кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, кире албай койгонуна даттанды.
Ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, алардан мамлекеттин пайдасына деп акча алышканын билдирди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай квитанция же соттун чечими берилген эмес.
Жапаров күч түзүмдөрүнө маселени териштирүүнү тапшырды.
"Көйгөйү бар ар бир адамды кабыл ала албайм. Менин иш графигим бар. 24 сааттын төрт саатын гана уктап, калган убактымды ишке жумшайм", — деди президент.