https://sputnik.kg/20261023/zhaparov-kendirbaevany-syndady-1104463429.html
Агартуу министрлиги, санариптештирүүдө нөлсүңөр! Жапаров Кендирбаеваны сынга алды
Агартуу министрлиги, санариптештирүүдө нөлсүңөр! Жапаров Кендирбаеваны сынга алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T10:44+0600
2026-10-23T10:44+0600
2026-10-23T10:44+0600
кыргызстан
агартуу министрлиги
садыр жапаров
доктургүл кендирбаева
санариптештирүү
сын
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0b/1084147962_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_9681d8e99155872bc867135078cff8e0.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Бул тууралуу Базар-Коргондо президенттин катышуусу менен болгон кеңешмеде айтылды. Өлкө башчы агартуу министрине сөгүш берүүнү көздөгөнүн билдирди. Жолугушууда мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айткан. Ага иштебеген адамдарга айлык жазган деген негизсиз айып тагылып, жоопкерчиликке тартылган, мындан кийин жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган. Бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрү арызданган аял мектеп директору болуп турганда билими жок, мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын билдиришти. Мындан тышкары, Россияда иштеп жүргөн адамдар мектептин штатына киргизилип, аларга айлык эсептелгени айтылды. Аталган адамдар иш боюнча күбө катары көрсөтмө беришкен. Президент бул окуяга байланыштуу Агартуу министрлигинин санариптештирүү жаатындагы ишин сынга алды. Президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Нарын облусуна жөнөтүлгөн 15 миң китептин 5 миңи гана мектептерге таратылып, калган 10 миңи кампада жатат.
https://sputnik.kg/20261023/sadyr-zhaparov-osh-zher-tilke-1104462612.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0b/1084147962_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_156a4635550ddaed76eadc8283174bee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, агартуу министрлиги, садыр жапаров, доктургүл кендирбаева, санариптештирүү, сын
кыргызстан, агартуу министрлиги, садыр жапаров, доктургүл кендирбаева, санариптештирүү, сын
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Бул тууралуу Базар-Коргондо президенттин катышуусу менен болгон кеңешмеде айтылды.
Өлкө башчы агартуу министрине сөгүш берүүнү көздөгөнүн билдирди.
Жолугушууда мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айткан. Ага иштебеген адамдарга айлык жазган деген негизсиз айып тагылып, жоопкерчиликке тартылган, мындан кийин жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган.
Бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрү арызданган аял мектеп директору болуп турганда билими жок, мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын билдиришти. Мындан тышкары, Россияда иштеп жүргөн адамдар мектептин штатына киргизилип, аларга айлык эсептелгени айтылды. Аталган адамдар иш боюнча күбө катары көрсөтмө беришкен.
Президент бул окуяга байланыштуу Агартуу министрлигинин санариптештирүү жаатындагы ишин сынга алды.
"Силер санариптештирүүдө дээрлик нөл экенсиңер. Дагы эле илгеркидей кагаз менен иштейт экенсиңер. Кайсы районго, кайсы мектепке канча китеп кеткенин да билбейсиңер. Министр азыр иш сапарда жүрөт. Республикалык кеңешмеде ага катуу сөгүш берейин дегем. Эгер толук санариптештирүү болгондо, мындай мыйзам бузууларга жол берилмек эмес", — деди Жапаров.
Президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Нарын облусуна жөнөтүлгөн 15 миң китептин 5 миңи гана мектептерге таратылып, калган 10 миңи кампада жатат.