https://sputnik.kg/20261023/dordoj-bazary-ort-okm-ouchuruldu-1104461006.html
"Дордой" базарына жакын жерде чыккан өрт беш саттан кийин өчүрүлдү. Видео, сүрөт
"Дордой" базарына жакын жерде чыккан өрт беш саттан кийин өчүрүлдү. Видео, сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жайгашкан "Жунхай" соода жайында кечээ кечке маал чыккан ири өрт түнкү саат 01:01де толугу менен... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T09:31+0600
2026-10-23T09:31+0600
2026-10-23T09:38+0600
кыргызстан
бишкек
"дордой" базары
өрт
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102812110_0:160:3075:1890_1920x0_80_0_0_f5257420edb0a745841ee7085587c101.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жайгашкан "Жунхай" соода жайында кечээ кечке маал чыккан ири өрт түнкү саат 01:01де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсыктын кесепетинен 1 000 чарчы метр аянт күйүп, бактыга жараша, жабыркагандар катталган жок. ӨКМдин маалыматына ылайык, алдын ала маалымат боюнча, өрт асма шамдарды сатуучу контейнерлерден чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан сегиз бригада жана штаб тартылган. Кырсык катталган жерге ӨКМ башчысынын орун басары Искендер Сулайманов барып, өрттү өчүрүү иштерин жеринде тескеди. Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу жана тартипти сактоо максатында милициянын 200 кызматкери тартылып, Тез жардам кызматы да нөөмөттө турду. Учурда милиция кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.
https://sputnik.kg/20260929/sanitardyk-poligon-orttoo-bishkek-tergoo-ishi-1103967802.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102812110_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_0b936e7738e5cfb38ea66125a0c268bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, "дордой" базары, өрт
кыргызстан, бишкек, "дордой" базары, өрт
"Дордой" базарына жакын жерде чыккан өрт беш саттан кийин өчүрүлдү. Видео, сүрөт
09:31 23.10.2026 (Жаңыртылды: 09:38 23.10.2026) БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жайгашкан "Жунхай" соода жайында кечээ кечке маал чыккан ири өрт түнкү саат 01:01де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1 000 чарчы метр аянт күйүп, бактыга жараша, жабыркагандар катталган жок.
ӨКМдин маалыматына ылайык, алдын ала маалымат боюнча, өрт асма шамдарды сатуучу контейнерлерден чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан сегиз бригада жана штаб тартылган. Кырсык катталган жерге ӨКМ башчысынын орун басары Искендер Сулайманов барып, өрттү өчүрүү иштерин жеринде тескеди.
Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу жана тартипти сактоо максатында милициянын 200 кызматкери тартылып, Тез жардам кызматы да нөөмөттө турду. Учурда милиция кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.