https://sputnik.kg/20260929/sanitardyk-poligon-orttoo-bishkek-tergoo-ishi-1103967802.html
Бишкектин таштанды жайында ири өрт чыкты. Мэрия атайлап өрт коюлганын айтууда
Бишкектин таштанды жайында ири өрт чыкты. Мэрия атайлап өрт коюлганын айтууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 28-сентябрда санитардык полигондун аймагында өрт чыкты. 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T12:21+0600
2026-09-29T12:21+0600
2026-09-29T12:21+0600
кыргызстан
бишкек
таштанды
өрт
кырсык
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0f/1068996369_0:183:2730:1719_1920x0_80_0_0_c71e0bc971f2ba0bd135f09b64284e16.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 28-сентябрда санитардык полигондун аймагында өрт чыкты.Мэриянын маалыматына караганда, тилсиз жоо болжол менен саат 20:30да башталып, 15 мүнөттөн кийин полигондун башка тилкесинде да от тутанган. Алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз адамдар полигонду төрт тарабынан атайлап өрттөп кетишкен.Өрт түнкү саат 1:45те толугу менен өчүрүлдү.Бул факт укук коргоо органдарында каттоого алынды. Учурда өрттүн чыгуу себептерин жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө иши өзгөчө көзөмөлгө алынды.
https://sputnik.kg/20260925/bishkekte-tez-tatym-zhaylary-orttondu-1103887939.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0f/1068996369_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_e2904083a745feb8b889f90ff7cd6bd5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, таштанды, өрт, кырсык
кыргызстан, бишкек, таштанды, өрт, кырсык
Бишкектин таштанды жайында ири өрт чыкты. Мэрия атайлап өрт коюлганын айтууда
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте 28-сентябрда санитардык полигондун аймагында өрт чыкты.
Мэриянын маалыматына караганда, тилсиз жоо болжол менен саат 20:30да башталып, 15 мүнөттөн кийин полигондун башка тилкесинде да от тутанган. Алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз адамдар полигонду төрт тарабынан атайлап өрттөп кетишкен.
“Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жерине дароо барып, кырдаалды көзөмөлгө алышты. Бирок өрт койгон адамдарды кырсык болгон жерден кармоого мүмкүнчүлүк болгон жок”, — дешти мэриядан.
Өрт түнкү саат 1:45те толугу менен өчүрүлдү.
Бул факт укук коргоо органдарында каттоого алынды. Учурда өрттүн чыгуу себептерин жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө иши өзгөчө көзөмөлгө алынды.