СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз опера искусствосунун залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеванын сөөгү мамлекеттик "Ала-Арча"... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз опера искусствосунун залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеванын сөөгү мамлекеттик "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Маданият министрлигинен билдиргендей, коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ырчынын кесиптештери, шакирттери, жакындары жана өнөрүн баалагандар катышты. Аза күтүү аземинде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана маркумдун иниси Касымбек Бакиров сөз сүйлөп, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилешти. Кайыргүл Сартбаева чыгармачылык жолунда 50дөн ашуун опералык партияларды аткарган. Ал Айчүрөк, Аида, Каныкей, Калыйман, Татьяна, Мадам Баттерфляй жана Дездемона сыяктуу улуттук жана дүйнөлүк классикалык операнын белгилүү образдарын жараткан. Ырчынын аткаруусундагы ариялардын, романстардын жана ырлардын 600дөн ашуун жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алтын фондуна жана КМШ өлкөлөрүнүн телерадиофонддоруна киргизилген.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз опера искусствосунун залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеванын сөөгү мамлекеттик "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Маданият министрлигинен билдиргендей, коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ырчынын кесиптештери, шакирттери, жакындары жана өнөрүн баалагандар катышты.
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды
Аза күтүү аземинде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана маркумдун иниси Касымбек Бакиров сөз сүйлөп, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилешти.
Кайыргүл Сартбаева чыгармачылык жолунда 50дөн ашуун опералык партияларды аткарган. Ал Айчүрөк, Аида, Каныкей, Калыйман, Татьяна, Мадам Баттерфляй жана Дездемона сыяктуу улуттук жана дүйнөлүк классикалык операнын белгилүү образдарын жараткан.
Ырчынын аткаруусундагы ариялардын, романстардын жана ырлардын 600дөн ашуун жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алтын фондуна жана КМШ өлкөлөрүнүн телерадиофонддоруна киргизилген.