00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Если разобраться...
Газ — пауза на два года, пособия вырастут и командир Нацгвардии под следствием: главное из «Если разобраться...»
12:08
159 мин
Особый акцент
От саков и согдийцев до СССР: как складывалась общая история народов Центральной Азии
14:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Турганбай Молдогазиев дүйнө салды

© Фото / Скриншот из видеоКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турганбай Молдогазиев
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турганбай Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 87 жаш курагында Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор, хормейстер жана педагог Турганбай Молдогазиев дүйнөдөн кайтты.
Ал өмүрүн улуттук музыкалык өнөрдү өркүндөтүүгө, элдик каада-салтты сактоого жана жаш муунду тарбиялоого арнаган. Анын кыргыз маданиятына кошкон салымы өлкөнүн музыкалык мурасынын маанилүү бөлүгү бойдон калат.
Турганбай Молдогазиев бала кезинен эле элдик чыгармаларга кызыгып, залкар Муса Баетовдун чыгармачылыгын үлгү тутунган. 1965-жылы аскерде кызмат өтөп жүргөн кезинде Москвада өткөн бүткүл союздук фестивалда комуз чертип, өнөрүн тартуулаган. Көрүүчүлөрдүн арасында туңгуч космонавт Юрий Гагарин да болуп, ал жаш өнөрпоздун чеберчилигине суктанган жана өзү басып келип таанышкан. Молдогазиев аны кыргыздын улуттук аспабы менен жакындан тааныштырган.
Композитор артына бай музыкалык мурас калтырды. Анын белгилүү чыгармаларынын бири — эне тилге арналган “Кыргыз тилим — эне тилим” аттуу патриоттук ыры. Мындан тышкары, анын обонуна таандык “Арзуум” лирикалык ыры жана балдардын сүйүктүү чыгармасына айланган “Мектебиме баратам” сыяктуу ырлары калың журтка кеңири белгилүү.
Ошондой эле ал өлкөнүн башкы Бакыт өргөөсүндө жаңы үйлөнгөндөрдүн баш кошуу салтанатында жаңырчу аземдик музыканын автору болуп саналат.
Молдогазиев өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн агартуучулукка арнаган. Бишкектеги “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде музыка мугалими жана хордун жетекчиси болуп эмгектенип, ири мамлекеттик жана маданий иш-чараларга катышкан балдардын хор жамааттарын түзгөн.
Өнөр жана агартуу тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Турганбай Молдогазиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы ыйгарылган.
Анын уулу Рысбек Молдогазиев — Кыргызстандын Япониядагы мурдагы элчиси.
Турганбай Молдогазиевдин жаркын элеси анын өлбөс чыгармаларында, шакирттеринин, кесиптештеринин жана бардык өнөр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Гүл коюу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2026
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0