https://sputnik.kg/20261019/edil-aydarbekov-kaza-boldu--1104375091.html
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков кечээ, 18-октябрда, 79 жашында дүйнөдөн... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T11:34+0600
2026-10-19T11:34+0600
2026-10-19T11:34+0600
кыргызстан
каза болду
мамлекеттик туу
https://sputnik.kg/img/101416/55/1014165523_0:0:4799:2700_1920x0_80_0_0_21d23eb5d1ab2ebfa487b5425616f075.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков кечээ, 18-октябрда, 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Эдил Айдарбеков 1947-жылы 21-февралда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган. Ал эмгек жолунда "Кыргызгипрострой" мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана "Фрунзегорпроектте" архитектор болуп иштеп, өлкөнүн архитектура жана шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон. 1976-жылдан тартып СССР архитекторлор союзунун мүчөсү болгон. Айдарбековдун эң маанилүү эмгектеринин бири — Кыргызстандын мамлекеттик туусун иштеп чыгууга катышканы. Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бирин жараткан. Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Улуттук маданиятка жана архитектурага кошкон салымы үчүн 2011-жылы Даңк медалы менен сыйланып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамына татыган.
https://sputnik.kg/20260920/sarykunan-tuuraluu-15-fakt-1103732986.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101416/55/1014165523_527:0:4799:3204_1920x0_80_0_0_af1d33f94f75c5e85290d26086022f7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каза болду, мамлекеттик туу
кыргызстан, каза болду, мамлекеттик туу
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков кечээ, 18-октябрда, 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эдил Айдарбеков 1947-жылы 21-февралда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган.
Ал эмгек жолунда "Кыргызгипрострой" мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана "Фрунзегорпроектте" архитектор болуп иштеп, өлкөнүн архитектура жана шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон. 1976-жылдан тартып СССР архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.
Айдарбековдун эң маанилүү эмгектеринин бири — Кыргызстандын мамлекеттик туусун иштеп чыгууга катышканы. Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бирин жараткан. Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган.
Улуттук маданиятка жана архитектурага кошкон салымы үчүн 2011-жылы Даңк медалы менен сыйланып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамына татыган.