https://sputnik.kg/20261022/kargyz-tilin-onukturuu-222-mln-som-1104453102.html
Кыргыз тили үчүн эки эсе көп акча бөлүү каралууда. 577 млн. сом эмнеге жумшалат
Кыргыз тили үчүн эки эсе көп акча бөлүү каралууда. 577 млн. сом эмнеге жумшалат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T16:53+0600
2026-10-22T16:53+0600
2026-10-22T16:53+0600
кыргызстан
кыргыз тили
өнүктүрүү
каражат
программа
https://sputnik.kg/img/104416/93/1044169393_0:259:1379:1035_1920x0_80_0_0_7418faffed88261150c2f99cc642ef60.jpg
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Сунушталып жаткан каражат эки жылга бөлүштүрүлөт: 2027-жылы 112,2 миллион, ал эми 2028-жылы 110,2 миллион сом жумшоо каралган. Натыйжада мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын жалпы бюджети 354,6 миллион сомдон 577,1 миллион сомго жетет. Талап кылынып жаткан каражатка алгач "Битикчи" тиркемеси жасалат. Бул — байыркы кыргыз рун жазуусун заманбап форматта үйрөтүүчү мобилдик тиркеме. Анда кызыктуу оюн машыгуулары, кириллицага которгуч жана рун жазмасы менен кат алышып баарлашуу функциялары болот. Мындан тышкары, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине которуу каралган. Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков жана башка классиктердин чыгармаларынын негизинде "Улуттук адабият үнү" аудиокитептердин санарип коллекциясы түзүлүп, бала бакчалар үчүн 60 миңдин тегерегинде өнүктүрүүчү китептер чыгарылары айтылды.Теги: Инж: https://sputnik.kg/20260923/koychiyev-mamlekettik-til-kunu-menen-kuttuktady-.html
https://sputnik.kg/20260923/koychiyev-mamlekettik-til-kunu-menen-kuttuktady-1103844370.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104416/93/1044169393_61:252:1106:1035_1920x0_80_0_0_81a0f5a40b368faa1f981fda8fa4ba7d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргыз тили, өнүктүрүү, каражат, программа
кыргызстан, кыргыз тили, өнүктүрүү, каражат, программа
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.
Сунушталып жаткан каражат эки жылга бөлүштүрүлөт: 2027-жылы 112,2 миллион, ал эми 2028-жылы 110,2 миллион сом жумшоо каралган. Натыйжада мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын жалпы бюджети 354,6 миллион сомдон 577,1 миллион сомго жетет.
Талап кылынып жаткан каражатка алгач "Битикчи" тиркемеси жасалат. Бул — байыркы кыргыз рун жазуусун заманбап форматта үйрөтүүчү мобилдик тиркеме. Анда кызыктуу оюн машыгуулары, кириллицага которгуч жана рун жазмасы менен кат алышып баарлашуу функциялары болот.
"3-10 жаштагы балдар үчүн "Сен мыктысың" теледолбоорун даярдоо пландалууда. Шоу кыргыз тилин мыкты билген таланттуу балдарды коомчулукка таанытууга, алардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат. 10 мүнөттүк жомоктордун 16 сериясы жана анимациялык тасмалар тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине которуу каралган. Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков жана башка классиктердин чыгармаларынын негизинде "Улуттук адабият үнү" аудиокитептердин санарип коллекциясы түзүлүп, бала бакчалар үчүн 60 миңдин тегерегинде өнүктүрүүчү китептер чыгарылары айтылды.
Инж: https://sputnik.kg/20260923/koychiyev-mamlekettik-til-kunu-menen-kuttuktady-.html