https://sputnik.kg/20261021/madina-orduna-zamanbap-shaarcha-kurulat-1104419654.html
Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат
Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T10:42+0600
2026-10-21T10:42+0600
2026-10-21T12:06+0600
кыргызстан
бишкек
мадина базары
шаарча
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102539416_0:48:900:554_1920x0_80_0_0_f5612c2b6d7fa0772e28e36eda259d42.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы базарда бардык ишкерлер үчүн жетиштүү орун бөлүнүп берилет. Эске салсак, 30-августта эртең менен Бишкектеги ири базарлардын бири болгон "Мадинада" өрт чыгып, ал түндө гана өчүрүлгөн. ӨКМ өрт соода жайынын 1 500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген. Базарды көчүрүү маселеси ага чейин көтөрүлгөн. Мэрия мурдараак "Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкцияланарын, андан улам жабыла турганын кабарлаган. Бирок соодагерлер шаардык бийлик сунуштаган башка базарга барууга макул эместигин, жаңы жердеги ижара акысы кымбат экендигин айтышкан. Мындан улам мэр Айбек Жунушалиев базарга барып, сатуучулар менен жолуккан . Анын жыйынтыгы менен "Мадина" 1-августтан тарта жабылбай, соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмей болгон. Кечээ, 20-октябрда, базарга президент Садыр Жапаров барып, соодагерлер менен жолуккан. Ал иш башкармалыгына соодагерлерди 10 күндүн ичинде көчүрүп, чыгымын толук көтөрүп берүүнү тапшырды. Президент соода орундарын мурда сатып алган ишкерлерге компенсация төлөнөрүн айтып келет.
https://sputnik.kg/20260831/madinadagy-ortton-zhabyrkagan-ishkerlerge-kompensatsiya-1103310309.html
бишкек
мадина базары
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102539416_100:0:900:600_1920x0_80_0_0_9cdbff3196276ccf1f34b1fb4a0ab043.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мадина базары, шаарча, садыр жапаров
кыргызстан, бишкек, мадина базары, шаарча, садыр жапаров
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы базарда бардык ишкерлер үчүн жетиштүү орун бөлүнүп берилет.
"Базардын ээси (ишкер, ЖКнын экс-депутаты Турсунтай Салимов. — Ред.) бул жерде базар эмес, заманбап шаарча курууну көздөп жатканын айтты", — деди президент.
Эске салсак, 30-августта эртең менен Бишкектеги ири базарлардын бири болгон "Мадинада" өрт чыгып, ал түндө гана өчүрүлгөн. ӨКМ өрт соода жайынын 1 500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген.
Базарды көчүрүү маселеси ага чейин көтөрүлгөн. Мэрия мурдараак "Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкцияланарын, андан улам жабыла турганын кабарлаган. Бирок соодагерлер шаардык бийлик сунуштаган башка базарга барууга макул эместигин, жаңы жердеги ижара акысы кымбат экендигин айтышкан. Мындан улам мэр Айбек Жунушалиев базарга барып, сатуучулар менен
жолуккан . Анын жыйынтыгы менен "Мадина" 1-августтан тарта жабылбай, соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмей болгон.
Кечээ, 20-октябрда, базарга президент Садыр Жапаров барып, соодагерлер менен жолуккан. Ал иш башкармалыгына соодагерлерди 10 күндүн ичинде көчүрүп, чыгымын толук көтөрүп берүүнү тапшырды. Президент соода орундарын мурда сатып алган ишкерлерге компенсация төлөнөрүн айтып келет.