00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Баткен — экономикалык өнүгүү жолунда: аймактын потенциалын толук ачууга эмне тоскоол болууда?
17:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Хеликобактер пилори” ракты чакырат: Кеңири тараган бактериянын коркунучу эмнеде?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Мадинанын" соодагерлерине көчүү үчүн кошумча убакыт берилет. Мэрдин билдирүүсү

© Фото / Пресс-служба мэрии Бишкека"Мадина" базары
Мадина базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылбайт, ишкерлерге көчүү үчүн кошумча убакыт берилет. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин базарды жабуу боюнча берилген билдирме кайра чакыртып алынат. Соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмекчи.
Калаа башчысы белгилегендей, "Мадина" базары да, жаңы соода жайы да жеке менчикке таандык. Ошондой болсо да мэрия ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоону улантат.
Жунушалиев жаңы базар текшерилгенде соода башталганга чейин оңдолушу керек болгон кемчиликтер аныкталганын айтты. Ошондой эле анын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган.
Мэр соода орундарын ижарага алуу укугун өткөрүп берүү же сатуу мыйзамда каралбаганын эске салды. Анын айтымында, буга чейин мындай "укуктар" үчүн 1 чарчы метрине 3 миң доллардан баштап, айрым учурларда 240 миң долларга чейин акча талап кылынган. Шаар башчысы бул көрүнүшкө укуктук баа берилип, токтотулушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал шаар тургундарынан "Мадина" базарынын санитардык абалы, унаалардын башаламан токтотулушу жана коомдук тамактануучу жайлары боюнча көптөгөн даттануулар түшүп жатканын кошумчалады.
Сөз соңунда Жунушалиев борбор калаадагы базарларды жаңылоо иштери уланып жатканын айтты. Учурда "Орто-Сай", "Кудайберген" жана "Дордой" базарларында инфраструктураны жакшыртуу жана жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө.
  Мадина базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2026
Бишкектеги "Мадина" базары жабылат. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0