https://sputnik.kg/20261021/kara-deniz-keme-kuruu-zavodunun-tarykhy-1104434921.html
Кара деңиз кеме куруу заводу кантип түптөлүп жана кантип кыйраган. Видео
Кара деңиз кеме куруу заводу кантип түптөлүп жана кантип кыйраган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кара деңиз кеме куруу заводунун даңазалуу доору жана кыйрашы. 1897-жылдын 21-октябрында Николаевде дүйнөлүк деңиз флотунун алпы түптөлүп, кийин эгемен... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T20:32+0600
2026-10-21T20:32+0600
2026-10-21T20:32+0600
россия империясы
украина
улуу ата мекендик согуш
кеме
өнөр жай
талкалоо
тарых
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104435037_0:314:3083:2048_1920x0_80_0_0_cdfc7661b74cbe809a64d624a55aa270.jpg
Падышалык доордогу башаты жана советтик кайра жаралуу мезгили. Ишкананын тарыхы Россия империясынын Кара деңиз флотуна кеме куруу максатында түптөлгөн "Наваль" заводунан башталган. Дал ушул жерде сооттолгон атактуу "Потемкин" кемеси толук курулуп бүткөн. Ал эми 14 жылдын ичинде эле ошол доордун эң татаал технологиясы катары саналган эң оор аскердик кемелерди ("дредноут" линкорлорун) чыгарууну өздөштүрүшкөн. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында фашисттер верфтин 95 пайызын талкалап кетишкен. Бирок совет өкмөтү заводду кайрадан түптөп, 1968-жылдан тартып Кара деңиз кеме куруу заводу деген бренд менен өлкөнүн башкы кеме куруу борборуна айланткан. Ири державанын океандагы айбаты. 1950–1980-жылдар заводдун гүлдөп-өскөн доору болду. Мында 25 миңден ашуун киши эмгектенип, ишкананын стапелдеринен (кеме курууга, аны оңдоого жана сууга түшүрүүгө ылайыкташкан атайын жантайыңкы аянтча же платформа) миңден ашык кеме сууга түшүрүлгөн. Завод ири илимий-изилдөө кемелерин ("Академик Сергей Королев"), танкерлерди жана кит уулоочу базаларды жасаган. Эң башкы жетишкендик СССРдин бүтүндөй авиация ташуучу флотун куруп чыкканында болду. Николаев шаарында "Киев", "Минск", "Новороссийск", "Баку" оор учак алып жүрүүчү крейсерлери, ошондой эле атактуу "Адмирал Кузнецов" кемеси жаралган. Украина түбүнө жеткен өнөр жай. 1991-жылдан кийин бул өндүрүш алпы Киевге керексиз болуп калды. Россия менен тыгыз байланыштын үзүлүшү заводдун түбүнө жетти. Курулушу бүтө элек советтик туңгуч "Ульяновск" атомдук авианосецин стапелде турган жеринен кескилеп металлоломго салып бергенге колу барды. Ал эми "Варяг" авианосецин "сүзмө казино болот" деген шылтоо менен Кытайга азганактай акчага сатып жиберишти. Майдан https://sputnik.kg/20260221/rossiya-lugansk-doneckini-taanygan-tasma-1099861525.html окуяларынан кийин бийликке келгендер заводдун калган шорун кайнатты. Теңдеши жок 900 тонналык уникалдуу крандарды темирге өткөрүп, 2021-жылы ишкананы биротоло жаап, гербдүү мөөрүнө чейин жок кылышты. Эки бирдей империянын деңиздеги айбатын чыңдаган даңазалуу верфь өнөр жайдын кыйрашынын курмандыгы болду. Ошентип, Николаевдин "кемечилер шаары" флотунан да, жумушунан да, келечегинен да кол жууп кала берди.
https://sputnik.kg/20260828/175-zhyl-murda-rossiyada-algachky-iri-temir-zhol-salyngan-1103273856.html
россия империясы
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104435037_352:0:3083:2048_1920x0_80_0_0_00ebcc3658fd86765b6614e453a239b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия империясы, украина, улуу ата мекендик согуш, кеме, өнөр жай, талкалоо, тарых
россия империясы, украина, улуу ата мекендик согуш, кеме, өнөр жай, талкалоо, тарых
Кара деңиз кеме куруу заводу кантип түптөлүп жана кантип кыйраган. Видео
Кара деңиз кеме куруу заводунун даңазалуу доору жана кыйрашы. 1897-жылдын 21-октябрында Николаевде дүйнөлүк деңиз флотунун алпы түптөлүп, кийин эгемен Украинанын тушунда биротоло жок болгон.
Падышалык доордогу башаты жана советтик кайра жаралуу мезгили. Ишкананын тарыхы Россия империясынын Кара деңиз флотуна кеме куруу максатында түптөлгөн "Наваль" заводунан башталган. Дал ушул жерде сооттолгон атактуу "Потемкин" кемеси толук курулуп бүткөн. Ал эми 14 жылдын ичинде эле ошол доордун эң татаал технологиясы катары саналган эң оор аскердик кемелерди ("дредноут" линкорлорун) чыгарууну өздөштүрүшкөн. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында фашисттер верфтин 95 пайызын талкалап кетишкен. Бирок совет өкмөтү заводду кайрадан түптөп, 1968-жылдан тартып Кара деңиз кеме куруу заводу деген бренд менен өлкөнүн башкы кеме куруу борборуна айланткан.
Ири державанын океандагы айбаты. 1950–1980-жылдар заводдун гүлдөп-өскөн доору болду. Мында 25 миңден ашуун киши эмгектенип, ишкананын стапелдеринен (кеме курууга, аны оңдоого жана сууга түшүрүүгө ылайыкташкан атайын жантайыңкы аянтча же платформа) миңден ашык кеме сууга түшүрүлгөн. Завод ири илимий-изилдөө кемелерин ("Академик Сергей Королев"), танкерлерди жана кит уулоочу базаларды жасаган. Эң башкы жетишкендик СССРдин бүтүндөй авиация ташуучу флотун куруп чыкканында болду. Николаев шаарында "Киев", "Минск", "Новороссийск", "Баку" оор учак алып жүрүүчү крейсерлери, ошондой эле атактуу "Адмирал Кузнецов" кемеси жаралган.
Украина түбүнө жеткен өнөр жай. 1991-жылдан кийин бул өндүрүш алпы Киевге керексиз болуп калды. Россия менен тыгыз байланыштын үзүлүшү заводдун түбүнө жетти. Курулушу бүтө элек советтик туңгуч "Ульяновск" атомдук авианосецин стапелде турган жеринен кескилеп металлоломго салып бергенге колу барды. Ал эми "Варяг" авианосецин "сүзмө казино болот" деген шылтоо менен Кытайга азганактай акчага сатып жиберишти. Майдан https://sputnik.kg/20260221/rossiya-lugansk-doneckini-taanygan-tasma-1099861525.html окуяларынан кийин бийликке келгендер заводдун калган шорун кайнатты. Теңдеши жок 900 тонналык уникалдуу крандарды темирге өткөрүп, 2021-жылы ишкананы биротоло жаап, гербдүү мөөрүнө чейин жок кылышты.
Эки бирдей империянын деңиздеги айбатын чыңдаган даңазалуу верфь өнөр жайдын кыйрашынын курмандыгы болду. Ошентип, Николаевдин "кемечилер шаары" флотунан да, жумушунан да, келечегинен да кол жууп кала берди.