https://sputnik.kg/20260828/175-zhyl-murda-rossiyada-algachky-iri-temir-zhol-salyngan-1103273856.html
175 жыл мурда Россияда алгачкы ири темир жол салынган. Видео
175 жыл мурда Россияда алгачкы ири темир жол салынган. Видео
Sputnik Кыргызстан
1851-жылдын 28-августунда Петербург менен Москванын ортосундагы биринчи темир жол ачылган. XIX кылымда транспорттук негизги жол кантип салынганын жана бүгүн... 28.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-28T19:30+0600
2026-08-28T19:30+0600
2026-08-28T19:30+0600
дүйнөдө
россия
москва
ленинград
темир жол
жүргүнчү
поезд
улуу ата мекендик согуш
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103274543_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_8cab6f37b36188da7ebae54913df5eb2.jpg
Бул Россия империясындагы өтө баалуу, каршы-терши кете турган темир жолдун алгачкысы болгон. Аны 800 миңден ашык жумушчу салган. Жол боюна 34 станция курулуп, 200дөн ашык көпүрө тургузулуп, телеграф линиясы тартылган. Бул жерде Россияда алгачкы ирет төрт буу экскаватору жана узун устундарды кагуучу машина (копер) колдонулган. Ошол эле маалда Николаев жолуна башка темир жол линиялары да кошулган. Жаңы темир жолду алгач сыноодон аскерлер өткөргөн. Петербургдан Москвага лейб-гвардиянын атактуу Кавалергард жана Атчан полкторунун эки эскадрону, гвардиялык артиллериянын бир дивизиону жеткирилет. Алардын ичинде Преображенский жана Семенов полкторунун эки батальону да болгон. 1923-жылы темир жолдун аталышын "Октябрь" деп өзгөртүшөт. 1931-жылы 31-июнда биринчи ирет символикалык багытка айланган "Кызыл жебе" аттуу классикалык экспрессти тосуп алган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "Жеңиш жолу" дал ушул темир жол аркылуу өткөн. Бул ири темир жол Ленинград курчоосу үзүлгөндөн кийин дароо курулуп, Поляны станциясын бошотулган Шлиссельбург менен туташтырган. Шлиссельбург — Ладога көлүнүн чыгыш жагында жайгашкан шаар. Ал Ленинград курчоосун жеңүүдө стратегиялык мааниге ээ эле. Шлиссельбург логистикалык борбор катары блокада учурунда жана кийин темир жол аркылуу азык-түлүк жеткирүүдө чоң роль ойногон. Жылдар өттү... 2009-жылы өтө ылдамдык менен жүргөн "Сапсан" поезди бул жолдо рекорддук ылдамдыкты көрсөтүп, саатына 290 чакырымды басып, зымырады.
москва
ленинград
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1c/1103274543_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_00f9bf2b940042e8d6751c6efbb76c23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, москва, ленинград, темир жол, жүргүнчү, поезд, улуу ата мекендик согуш, тарых, видео, видео
дүйнөдө, россия, москва, ленинград, темир жол, жүргүнчү, поезд, улуу ата мекендик согуш, тарых, видео, видео
175 жыл мурда Россияда алгачкы ири темир жол салынган. Видео
1851-жылдын 28-августунда Петербург менен Москванын ортосундагы биринчи темир жол ачылган. XIX кылымда транспорттук негизги жол кантип салынганын жана бүгүн Россияга кантип кызмат кылгандыгын айтып беребиз.
Бул Россия империясындагы өтө баалуу, каршы-терши кете турган темир жолдун алгачкысы болгон. Аны 800 миңден ашык жумушчу салган. Жол боюна 34 станция курулуп, 200дөн ашык көпүрө тургузулуп, телеграф линиясы тартылган. Бул жерде Россияда алгачкы ирет төрт буу экскаватору жана узун устундарды кагуучу машина (копер) колдонулган. Ошол эле маалда Николаев жолуна башка темир жол линиялары да кошулган.
Жаңы темир жолду алгач сыноодон аскерлер өткөргөн. Петербургдан Москвага лейб-гвардиянын атактуу Кавалергард жана Атчан полкторунун эки эскадрону, гвардиялык артиллериянын бир дивизиону жеткирилет. Алардын ичинде Преображенский жана Семенов полкторунун эки батальону да болгон.
1923-жылы темир жолдун аталышын "Октябрь" деп өзгөртүшөт. 1931-жылы 31-июнда биринчи ирет символикалык багытка айланган "Кызыл жебе" аттуу классикалык экспрессти тосуп алган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "Жеңиш жолу" дал ушул темир жол аркылуу өткөн. Бул ири темир жол Ленинград курчоосу үзүлгөндөн кийин дароо курулуп, Поляны станциясын бошотулган Шлиссельбург менен туташтырган.
Шлиссельбург — Ладога көлүнүн чыгыш жагында жайгашкан шаар. Ал Ленинград курчоосун жеңүүдө стратегиялык мааниге ээ эле. Шлиссельбург логистикалык борбор катары блокада учурунда жана кийин темир жол аркылуу азык-түлүк жеткирүүдө чоң роль ойногон.
Жылдар өттү... 2009-жылы өтө ылдамдык менен жүргөн "Сапсан" поезди бул жолдо рекорддук ылдамдыкты көрсөтүп, саатына 290 чакырымды басып, зымырады.