https://sputnik.kg/20261021/tramp-evropany-migranttardy-kuup-chyguuga-chakyrdy-1104418306.html
"Эч нерсеңер калбай калат". Трамп Европаны мигранттардан арылууга чакырды
"Эч нерсеңер калбай калат". Трамп Европаны мигранттардан арылууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тез арада тазаланууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T10:17+0600
2026-10-21T10:17+0600
2026-10-21T10:17+0600
дүйнөдө
акш
франция
европа
дональд трамп
миграция
митинг
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103425410_0:0:3262:1834_1920x0_80_0_0_e58a0d22e8e935a3e3867cc584d49e27.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тез арада тазаланууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, учурда Европада мыйзамсыз мигранттар менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды. "Мындай адамдардан тезирээк арылуу керек. Болбосо жакын арада Европадан эч нерсе калбай калат", — деп эскертти АКШ президенти. Буга чейин Трамп эгер Европа аймактагы миграциялык саясатын чукул арада өзгөртпөсө, келечекте толугу менен жоголуп кетүү коркунучунда турганын билдирген болчу. Белгилей кетсек, акыркы апталарда Францияда баалардын өсүшүнө жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө каршы башталган нааразылык акцияларына студенттерден тышкары "сары жилеттер", таксисттер, медайымдар, куруучулар жана кесиптик кошуундар (профсоюздар) кошулуп, демонстранттардын жалпы саны 550 миңден ашкан.
https://sputnik.kg/20260903/britaniya-menen-frantsiya-miyzamsyz-migratsiya-menen-birgeleship-kuroshuudo--1103430072.html
акш
франция
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103425410_241:0:2972:2048_1920x0_80_0_0_6c145d134d95c3582ca140fbafe35148.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, франция, европа, дональд трамп, миграция, митинг
дүйнөдө, акш, франция, европа, дональд трамп, миграция, митинг
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тез арада тазаланууга чакырды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Францияны, же азыраак масштабда болсо да Италияны карап көрсөңүздөр, ал жакта нааразычылыктар күчөгөндөн күчөп бара жатат. Аша чапкан тополоңдорго жана көтөрүлүштөргө катышкандардын баарын өлкөдөн кууп чыгууга туура келет", — деди өлкө башчысы Ак үйдө журналисттерге берген маегинде.
Америка лидеринин айтымында, учурда Европада мыйзамсыз мигранттар менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды.
"Мындай адамдардан тезирээк арылуу керек. Болбосо жакын арада Европадан эч нерсе калбай калат", — деп эскертти АКШ президенти.
Буга чейин Трамп эгер Европа аймактагы миграциялык саясатын чукул арада өзгөртпөсө, келечекте толугу менен жоголуп кетүү коркунучунда турганын билдирген болчу.
Белгилей кетсек, акыркы апталарда Францияда баалардын өсүшүнө жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө каршы башталган нааразылык акцияларына студенттерден тышкары "сары жилеттер", таксисттер, медайымдар, куруучулар жана кесиптик кошуундар (профсоюздар) кошулуп, демонстранттардын жалпы саны 550 миңден ашкан.