https://sputnik.kg/20261020/orus-tili-zhana-madaniyaty-borboru-1104406458.html
Нарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды. Видео
Нарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нарын шаарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды, бул Кыргызстан боюнча экинчи борбор экенин "Евразия" коммерциялык эмес уюму... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T15:42+0600
2026-10-20T15:42+0600
2026-10-20T15:42+0600
кыргызстан
россия
нарын
орус тили
маданият
борбор
алена аршинова
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104405230_0:58:2560:1498_1920x0_80_0_0_d7a2493d9bb4c314e4e6b8cb3a4a649c.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нарын шаарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды, бул Кыргызстан боюнча экинчи борбор экенин "Евразия" коммерциялык эмес уюму маалымдады. Иш-чарага Россия Мамдумасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова жана белгилүү ырчы Пелагея атайын келишти. Жаңы ачылган борбордун бет ачарында Аршинова Кыргызстанда орус тили борборлоруна болгон суроо-талап абдан жогору экенин белгиледи. Ал эми бул саамалыктын көркүн ачкан белгилүү ырчы Пелагея Нарындагы борбор жөн гана тил үйрөтүүчү жай эмес деген оюн айтты. "Биз бүгүн жөн гана борбор эмес, улуу маданият менен тааныша турган жай ачып жатабыз. Россия менен Кыргызстанды жалпы көп кылымдык тарых байланыштырат, ал эми орус тили бул байланыштардын өмүр сүрүшүнө көмөктөшөт", — деди Пелагея. Белгилей кетсек, Пелагеянын келиши нарындыктар үчүн жагымдуу маанай тартууламакчы, ал бүгүн өзүнүн чыгармачыл тобу менен шаар тургундарына акысыз концерт берет. Эске салсак, алгачкы борбор былтыр Бишкек шаарында ачылган. Буга чейин ага 37 миңден ашык адам келип үлгүргөн.
https://sputnik.kg/20260930/rossiyada-manas-aytyldy-1103983085.html
нарын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104405230_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_3b812f4bf295d6d8f92db5b718af151d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, нарын, орус тили, маданият, борбор, алена аршинова
кыргызстан, россия, нарын, орус тили, маданият, борбор, алена аршинова
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нарын шаарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды, бул Кыргызстан боюнча экинчи борбор экенин "Евразия" коммерциялык эмес уюму маалымдады.
Иш-чарага Россия Мамдумасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова жана белгилүү ырчы Пелагея атайын келишти.
Жаңы ачылган борбордун бет ачарында Аршинова Кыргызстанда орус тили борборлоруна болгон суроо-талап абдан жогору экенин белгиледи.
"Биздин эң негизги байлыгыбыз — ата-бабалардан калган каада-салт, тарых жана баалуулуктар. Маданиятыбыз, кыргыз жана орус тилдерибиз бири-бирибизди түшүнүп, достугубузду бекемдөөгө жардам берет", — деди Аршинова.
Ал эми бул саамалыктын көркүн ачкан белгилүү ырчы Пелагея Нарындагы борбор жөн гана тил үйрөтүүчү жай эмес деген оюн айтты.
"Биз бүгүн жөн гана борбор эмес, улуу маданият менен тааныша турган жай ачып жатабыз. Россия менен Кыргызстанды жалпы көп кылымдык тарых байланыштырат, ал эми орус тили бул байланыштардын өмүр сүрүшүнө көмөктөшөт", — деди Пелагея.
Белгилей кетсек, Пелагеянын келиши нарындыктар үчүн жагымдуу маанай тартууламакчы, ал бүгүн өзүнүн чыгармачыл тобу менен шаар тургундарына акысыз концерт берет.
Эске салсак, алгачкы борбор былтыр Бишкек шаарында
ачылган. Буга чейин ага 37 миңден ашык адам келип үлгүргөн.