https://sputnik.kg/20261020/-armeniya-eaebge-mucholugun-toktotushu-mumkun-1104412316.html
ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышат
ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Армения Евробиримдикке кошулуу багытында мыйзам кабыл алганы үчүн ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аны биримдиктен убактылуу чыгаруу маселесин... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T18:24+0600
2026-10-20T18:24+0600
2026-10-20T18:24+0600
дүйнөдө
армения
еаэб
мүчөлүк
https://sputnik.kg/img/07e7/05/19/1075646729_0:163:3065:1887_1920x0_80_0_0_4c5d17c1b27a29babca741c5b01f136a.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Армения Евробиримдикке кошулуу багытында мыйзам кабыл алганы үчүн ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аны биримдиктен убактылуу чыгаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Армениянын ЕАЭБге мүчөлүгүн убактылуу токтотсо кандай кесепеттер болорун изилдеп чыгып, баяндама сунушташты. Документте айтылгандай, Армениянын Евробиримдикке кошулуу боюнча мыйзам кабыл алышы ЕАЭБдин эрежелерине каршы келет. Ошондуктан эл аралык мыйзамдарга таянып, биримдикке мүчө башка өлкөлөр Армениянын катышуусун убактылуу токтото турууга толук укуктуу. ЕАЭБге учурда Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Биримдиктен өз каалоосу менен бир жыл мурун эскертип чыгып кетүүгө болот, ал эми эрежелерди же келишимдерди орой бузган учурда башка өлкөлөр биргелешип мүчөлүктү убактылуу токтото алат.
https://sputnik.kg/20261016/kyrgyzstan-2027-zhyly-eaeb-organdaryna-toragalyk-kylat-1104327105.html
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/19/1075646729_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_583f037140d3ee82693458cd2ced6461.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, армения, еаэб, мүчөлүк
дүйнөдө, армения, еаэб, мүчөлүк
ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышат
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Армения Евробиримдикке кошулуу багытында мыйзам кабыл алганы үчүн ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аны биримдиктен убактылуу чыгаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Армениянын ЕАЭБге мүчөлүгүн убактылуу токтотсо кандай кесепеттер болорун изилдеп чыгып, баяндама сунушташты.
Документте айтылгандай, Армениянын Евробиримдикке кошулуу боюнча мыйзам кабыл алышы ЕАЭБдин эрежелерине каршы келет. Ошондуктан эл аралык мыйзамдарга таянып, биримдикке мүчө башка өлкөлөр Армениянын катышуусун убактылуу токтото турууга толук укуктуу.
ЕАЭБге учурда Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Биримдиктен өз каалоосу менен бир жыл мурун эскертип чыгып кетүүгө болот, ал эми эрежелерди же келишимдерди орой бузган учурда башка өлкөлөр биргелешип мүчөлүктү убактылуу токтото алат.