https://sputnik.kg/20261019/zhaparov-mukhtar-ablyazovdun-sozun-togundodu-1104373979.html
Кайырчыдан акча сурамак белем? Жапаров Мухтар Аблязовдун сөзүн төгүндөдү
Кайырчыдан акча сурамак белем? Жапаров Мухтар Аблязовдун сөзүн төгүндөдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Садыр Жапаров менен 40 мүнөт сүйлөшкөм, акча сураган” деген... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T10:41+0600
2026-10-19T10:41+0600
2026-10-19T10:58+0600
кыргызстан
казакстан
садыр жапаров
мухтар аблязов
доомат
акча
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103547597_0:76:2560:1516_1920x0_80_0_0_f02114ee26d1fa401fc09a7269955cf8.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Садыр Жапаров менен 40 мүнөт сүйлөшкөм, акча сураган” деген дооматтарын кескин түрдө төгүндөдү. Бул тууралуу мамлекет башчы "Super.kg" порталына курган маегинде билдирди. Президенттин айтымында, ал Аблязовду тааныбайт, 2020-жылы Октябрь окуялары маалында Мелис Аспековдун суранычы менен болгону эки гана мүнөт телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошол учурда Аблязов Кыргызстанга келип, Казакстанда революция уюштурууга жардам сураганын, бирок мамлекет башчы аны так кесе четке какканын билдирди. Ошондой эле президент чет өлкөдө жүргөн айрым мекендештердин жана качып жүргөн саясатчылардын билдирүүлөрүнө көңүл бурбай турганын, анткени алар жалган жомокторду токуп жатышканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261014/japarov-tazalyk-tartip-lift-unitaz-kop-kabattuu-uylor-1104288604.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103547597_220:0:2341:1591_1920x0_80_0_0_4df8e26e9cb35afe02301177bb64afa3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, садыр жапаров, мухтар аблязов, доомат, акча
кыргызстан, казакстан, садыр жапаров, мухтар аблязов, доомат, акча
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Садыр Жапаров менен 40 мүнөт сүйлөшкөм, акча сураган” деген дооматтарын кескин түрдө төгүндөдү. Бул тууралуу мамлекет башчы "Super.kg" порталына курган маегинде билдирди.
Президенттин айтымында, ал Аблязовду тааныбайт, 2020-жылы Октябрь окуялары маалында Мелис Аспековдун суранычы менен болгону эки гана мүнөт телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошол учурда Аблязов Кыргызстанга келип, Казакстанда революция уюштурууга жардам сураганын, бирок мамлекет башчы аны так кесе четке какканын билдирди.
"Биринчиден, мен коңшу өлкөлөрдүн саясатына кийлигишпейм. Экинчиден, сиздин айыңыздан Казакстан менен мамилени бузбайм, келбей эле коюңуз дегем. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз, 40 мүнөт эмес. Өзү кайырчылык кылып жүргөн кишинин мени "акча сураган" дегени логикага да туура келбейт", — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент чет өлкөдө жүргөн айрым мекендештердин жана качып жүргөн саясатчылардын билдирүүлөрүнө көңүл бурбай турганын, анткени алар жалган жомокторду токуп жатышканын кошумчалады.