https://sputnik.kg/20261019/aksh-kubany-ehkonomikalyk-blokadaga-algan-1104386483.html
Америкалык сыйыртмак: 66 жыл мурун экономикалык блокадага алынган Кубанын тарыхы
Америкалык сыйыртмак: 66 жыл мурун экономикалык блокадага алынган Кубанын тарыхы
Sputnik Кыргызстан
Революцияга чейин Куба АКШнын түпсүз кудугу сыктуу эле. Америкалык инвесторлор аралдан болгон-бүткөн нерсенин баарын ит бекер алып кетип турушкан. 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T20:06+0600
2026-10-19T20:06+0600
2026-10-19T20:06+0600
дүйнөдө
акш
куба
блокада
экономика
фидель кастро
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104386249_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_554a9db0b940b72d332ffe49183d57d0.jpg
Бийликке келген Фидель Кастронун Вашингтон менен сөзгө келүү аракетинен эч майнап чыккан эмес. АКШ аны салкын тосуп алат, Кастро президент Дуай Эйзенхауэр менен жолугуша албай коет.Мындай мамиледен кийин Куба өкмөтү АКШнын аралдагы менчигинин баарын (1 млрд доллардан ашуун) улутташтырып алат. Жооп иретинде Вашингтон экономикалык блокадасын баштап, 1960-жылдын 19-октябрынан тарта Кубанын экономикасын кыйратуу үчүн алгач шекер, андан кийин бардык товарын сатып алуудан баш тартат. Кубанын жок болуп кетпей күнүн көрүп, көз карандысыздыгын сактап калууга Советтер Союзу гана колдоо көрсөткөн. СССР шекер сатып алып, аралды керектүү отун жана техника менен камсыздаган негизги соода өнөктөшүнө айланат. АКШнын Кубага киргизген эмбаргосу дүйнө тарыхындагы эң узак чектөө болуп саналат. БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыл сайын жасаган чакырыгына карабай АКШ 66 жылдан бери коңшу өлкөгө кысымын улантып, блокаданы алуу талабына баш ийбей келет. Кубанын тарыхы — коңшусунун баскан-турганына ичи чыкпаган Батыш державасы эл аралык укук нормаларын көңүл сыртында калтырып, экономикалык сыйыртмагын колдонорун көзгө сайып көрсөткөн учур. Бүгүнкү күндө Батыш ошол эле схема менен Москваны, акылга сыйбаган окуялар жык Украина менен тирешип жаткан Россияны санкциялар менен бүк түшүрүүгө аракет кылып жатат.
акш
куба
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104386249_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_227871285083a90b9c52c65f3f662230.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, куба, блокада, экономика, фидель кастро, видео, видео
дүйнөдө, акш, куба, блокада, экономика, фидель кастро, видео, видео
Америкалык сыйыртмак: 66 жыл мурун экономикалык блокадага алынган Кубанын тарыхы
Революцияга чейин Куба АКШнын түпсүз кудугу сыктуу эле. Америкалык инвесторлор аралдан болгон-бүткөн нерсенин баарын ит бекер алып кетип турушкан.
Бийликке келген Фидель Кастронун Вашингтон менен сөзгө келүү аракетинен эч майнап чыккан эмес. АКШ аны салкын тосуп алат, Кастро президент Дуай Эйзенхауэр менен жолугуша албай коет.
Мындай мамиледен кийин Куба өкмөтү АКШнын аралдагы менчигинин баарын (1 млрд доллардан ашуун) улутташтырып алат. Жооп иретинде Вашингтон экономикалык блокадасын баштап, 1960-жылдын 19-октябрынан тарта Кубанын экономикасын кыйратуу үчүн алгач шекер, андан кийин бардык товарын сатып алуудан баш тартат.
Кубанын жок болуп кетпей күнүн көрүп, көз карандысыздыгын сактап калууга Советтер Союзу гана колдоо көрсөткөн. СССР шекер сатып алып, аралды керектүү отун жана техника менен камсыздаган негизги соода өнөктөшүнө айланат.
АКШнын Кубага киргизген эмбаргосу дүйнө тарыхындагы эң узак чектөө болуп саналат. БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыл сайын жасаган чакырыгына карабай АКШ 66 жылдан бери коңшу өлкөгө кысымын улантып, блокаданы алуу талабына баш ийбей келет.
Кубанын тарыхы — коңшусунун баскан-турганына ичи чыкпаган Батыш державасы эл аралык укук нормаларын көңүл сыртында калтырып, экономикалык сыйыртмагын колдонорун көзгө сайып көрсөткөн учур. Бүгүнкү күндө Батыш ошол эле схема менен Москваны, акылга сыйбаган окуялар жык Украина менен тирешип жаткан Россияны санкциялар менен бүк түшүрүүгө аракет кылып жатат.