https://sputnik.kg/20261019/aksh-karjy-ministri-zelenskiy-starlink-nbc-1104372108.html
АКШнын каржы министри Зеленскийди жалган маалымат таратууга айыптады
АКШнын каржы министри Зеленскийди жалган маалымат таратууга айыптады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын каржы министри Скотт Бессент Владимир Зеленскийдин Starlink байланышынын чектелишине америкалык өкмөттүн тиешеси бар деген... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T09:35+0600
2026-10-19T09:35+0600
2026-10-19T09:51+0600
дүйнөдө
акш
украина
владимир зеленский
интернет
илон маск
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/17/1098779115_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_5c5435dfc025313b1faca13cf46ce908.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын каржы министри Скотт Бессент Владимир Зеленскийдин Starlink байланышынын чектелишине америкалык өкмөттүн тиешеси бар деген сөздөрүн "акылга сыйбаган нерсе" деп атап, чалгын маалыматтарын берүү токтотулду деген билдирүүсүн жалган деп мүнөздөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Теле алып баруучу Бессенттен Украина лидеринин Киевге чалгындоо маалыматтарын берүү токтотулду деген билдирүүсү боюнча да сураган.Шаршемби күнү украин тараптын өкүлү Сергей Бескрестнов Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн Starlink тутумунун ылдамдыгы чектелгенин билдирген. Бул айрым аскердик операциялардын үзгүлтүккө учурашына жана логистиканын татаалдашына алып келген. Ал эми ишкер Илон Маск кеп АКШ өкмөтү көзөмөлдөгөн Starshield тутуму тууралуу болуп жатканын түшүндүргөн.Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди тынчтык жараянын саботаж кылып, россиялык мунай иштетүүчү ишканаларга чабуулдарды токтотуу талаптарын көз жаздымда калтырды деп айыптаган эле. Маалымат каражаттары Вашингтон Киевге мындай аракеттердин кесепети болорун эскерткенин жазып чыгышкан. Ошентсе да Ак үйдүн башчысы украин армиясынын байланышындагы көйгөйлөргө АКШнын тиешеси бар экенин четке каккан.Владимир Зеленский болсо өнөктөштөр Украинага Россия тараптан учурулган баллистикалык ракеталар боюнча чалгындоо маалыматтарын берүүнү токтотту деп даттанган.
https://sputnik.kg/20261017/tramp-antirossiyalyk-sankcziyalardy-toktottu-1104350846.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/17/1098779115_217:0:2948:2048_1920x0_80_0_0_e5e3a9eab454047e967497ff89d21fbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, интернет, илон маск
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, интернет, илон маск
АКШнын каржы министри Зеленскийди жалган маалымат таратууга айыптады
09:35 19.10.2026 (Жаңыртылды: 09:51 19.10.2026) БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын каржы министри Скотт Бессент Владимир Зеленскийдин Starlink байланышынын чектелишине америкалык өкмөттүн тиешеси бар деген сөздөрүн "акылга сыйбаган нерсе" деп атап, чалгын маалыматтарын берүү токтотулду деген билдирүүсүн жалган деп мүнөздөдү. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. “Менин оюмча, Владимир Зеленскийдин мындай айыптоолору акылга сыйбайт”, — деди ал NBC News телеканалынын Meet the Press программасында.
Теле алып баруучу Бессенттен Украина лидеринин Киевге чалгындоо маалыматтарын берүү токтотулду деген билдирүүсү боюнча да сураган.
"Ал мындай билдирүүлөрдү жасоодо өтө этият болушу керек, анткени бул чындыкка дал келбейт", — деди каржы министри.
Шаршемби күнү украин тараптын өкүлү Сергей Бескрестнов Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн Starlink тутумунун ылдамдыгы чектелгенин билдирген. Бул айрым аскердик операциялардын үзгүлтүккө учурашына жана логистиканын татаалдашына алып келген. Ал эми ишкер Илон Маск кеп АКШ өкмөтү көзөмөлдөгөн Starshield тутуму тууралуу болуп жатканын түшүндүргөн.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди тынчтык жараянын саботаж кылып, россиялык мунай иштетүүчү ишканаларга чабуулдарды токтотуу талаптарын көз жаздымда калтырды деп айыптаган эле. Маалымат каражаттары Вашингтон Киевге мындай аракеттердин кесепети болорун эскерткенин жазып чыгышкан. Ошентсе да Ак үйдүн башчысы украин армиясынын байланышындагы көйгөйлөргө АКШнын тиешеси бар экенин четке каккан.
Владимир Зеленский болсо өнөктөштөр Украинага Россия тараптан учурулган баллистикалык ракеталар боюнча чалгындоо маалыматтарын берүүнү токтотту деп даттанган.