https://sputnik.kg/20261007/kreml-makrondun-kajryluusuna-zhoop-berdi-1104154884.html
"Туңгуюкка кептейт". Кремль Макрондун берген "белгисине" жооп кайтарды
"Туңгуюкка кептейт". Кремль Макрондун берген "белгисине" жооп кайтарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Москвага каршы турууга негизделген Европаны милитаризациялоо идеясы жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат... 07.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-07T18:28+0600
2026-10-07T18:28+0600
2026-10-07T18:28+0600
дүйнөдө
россия
франция
европа
баллистикалык ракета
дмитрий песков
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097946068_0:84:1600:984_1920x0_80_0_0_b4b35f743d7f148cef47c6734ce03732.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Москвага каршы турууга негизделген Европаны милитаризациялоо идеясы жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Франциянын жаңы баллистикалык ракетасынын сыналышы тууралуу суроого жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. Кремлдин өкүлү Европа Евробиримдикти аскердик-саясий блокко айлантууга катуу аракет кылып жатканын белгилеген. Ал Россия коопсчуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатканына да токтолгон. Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон кечээ M51.3 баллистикалык ракетасы сыналып жаткан видео жарыялап, Париж муну менен "так жана катуу белги" бергенин айткан. НАТО баш катчысы Марк Рютте буга чейин блокко Россия тараптан кол салуу болорун билдирген эч кандай ишара жок экенин, ошентсе да европалык мамлекеттер кайсы бир "гибриддик коркунучтарга" даяр болушу керектигин билдирген болчу. Россия президенти Владимир Путин Москва альянс менен тирешүүгө барбай турганын бир нече ирет билдирген. Бирок, анын айтымында, батыш саясатчылары элин ички маселелерден "Россия тараптан болчу коркунуч" менен алаксытып келет.
https://sputnik.kg/20261001/sogushtu-rossiya-bashtagan-zhok-putin-1104035461.html
франция
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097946068_89:0:1512:1067_1920x0_80_0_0_22c2b09bcfd094d0601c5719b007d87b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, франция, европа, баллистикалык ракета, дмитрий песков
дүйнөдө, россия, франция, европа, баллистикалык ракета, дмитрий песков
"Туңгуюкка кептейт". Кремль Макрондун берген "белгисине" жооп кайтарды
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Москвага каршы турууга негизделген Европаны милитаризациялоо идеясы жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Франциянын жаңы баллистикалык ракетасынын сыналышы тууралуу суроого жооп берип жатып айтканын
РИА Новости жазды.
Кремлдин өкүлү Европа Евробиримдикти аскердик-саясий блокко айлантууга катуу аракет кылып жатканын белгилеген.
"Жакшы нерсе эмес, коргоо жана коопсуздук жаатындагы иденттүүлүгүн каршылашуунун негизинде түзүп жатышат. Бул туңгуюкка кептечү жол: тарых мындай кадамдын аягы жакшылык менен бүтпөй турганын көрсөткөн", — деди Песков.
Ал Россия коопсчуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатканына да токтолгон.
Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон кечээ M51.3 баллистикалык ракетасы сыналып жаткан видео жарыялап, Париж муну менен "так жана катуу белги" бергенин айткан.
НАТО баш катчысы Марк Рютте буга чейин блокко Россия тараптан кол салуу болорун билдирген эч кандай ишара жок экенин, ошентсе да европалык мамлекеттер кайсы бир "гибриддик коркунучтарга" даяр болушу керектигин билдирген болчу.
Россия президенти Владимир Путин Москва альянс менен тирешүүгө барбай турганын бир нече ирет билдирген. Бирок, анын айтымында, батыш саясатчылары элин ички маселелерден "Россия тараптан болчу коркунуч" менен алаксытып келет.