https://sputnik.kg/20261006/zholok-pul-dayyndoo-tartibi-ozgorot-1104129276.html
Үйү, унаасы бар деп эле жөлөк пулдан ажыратпоо сунушталды
Үйү, унаасы бар деп эле жөлөк пулдан ажыратпоо сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөнүн атында үй, унаа же башка мүлктүн болушу "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун берүүдөн баш тартууга өз алдынча негиз... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T18:56+0600
2026-10-06T18:56+0600
2026-10-06T18:58+0600
кыргызстан
мыйзам
мыйзам долбоору
үй-бүлө
көмөк
жөлөк пул
коомдук талкуу
парламент
мүлк
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054036398_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_65c7033334808e102f13ebb05da99e3d.jpg
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөнүн атында үй, унаа же башка мүлктүн болушу "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун берүүдөн баш тартууга өз алдынча негиз болбой калышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт.Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык абалын объективдүү мүнөздөгөн башка жагдайлар эске алынуу менен аныкталат.Ошондой эле мал-жандыкты эсептөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Малдын саны өзүнчө гана критерий болбостон, үй-бүлөнүн айыл чарбасынан тапкан реалдуу кирешеси менен бирге каралат. Ал эми мал-жандыктарды эсепке алуунун так критерийлерин жана тартибин министрлер кабинети аныктайт.Демилгечинин айтымында, өзгөртүүлөрдүн максаты — жөлөк пулга чындап муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоодо алардын материалдык абалына туура жана калыс баа берүү.
https://sputnik.kg/20260829/zholok-pul-aluu-1103255299.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054036398_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_5a663147875f8cf5d5b614b052666747.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыйзам, мыйзам долбоору, үй-бүлө, көмөк, жөлөк пул, коомдук талкуу, парламент, мүлк
кыргызстан, мыйзам, мыйзам долбоору, үй-бүлө, көмөк, жөлөк пул, коомдук талкуу, парламент, мүлк
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөнүн атында үй, унаа же башка мүлктүн болушу "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун берүүдөн баш тартууга өз алдынча негиз болбой калышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт.
Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык абалын объективдүү мүнөздөгөн башка жагдайлар эске алынуу менен аныкталат.
Ошондой эле мал-жандыкты эсептөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Малдын саны өзүнчө гана критерий болбостон, үй-бүлөнүн айыл чарбасынан тапкан реалдуу кирешеси менен бирге каралат. Ал эми мал-жандыктарды эсепке алуунун так критерийлерин жана тартибин министрлер кабинети аныктайт.
Демилгечинин айтымында, өзгөртүүлөрдүн максаты — жөлөк пулга чындап муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоодо алардын материалдык абалына туура жана калыс баа берүү.