00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуу шарты 1-сентябрдан тартып кандай өзгөрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуу үчүн талаптар да өзгөрөт. Деген менен өлчөмү мурдагыдай эле — ар бир балага 1 200 сом бойдон калат.
Өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилип, документ 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.

Эмне өзгөрөт

Критерий

Азыр

1-сентябрдан тартып

Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө туура келген киреше

1 000 сомдон төмөн

1 500 сомдон төмөн

Жарактуу жеңил автоунаа

пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз болсо жөлөк пул берилбейт

пайдалануу мөөнөтү 15 жылдан аз болсо жөлөк пул берилбейт

Менчиктеги турак жай

саны боюнча чектөө жок

эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөгө жөлөк пул берилбейт

Жерден алынган киреше

учурдагы ченемдер колдонулат

айылдар жана айыл аймактары боюнча жаңыртылган ченемдер колдонулат

Киреше чеги 1 500 сомго жогорулайт

Жөлөк пулга укукту аныктоодо кепилденген минималдуу киреше колдонулат. Азыр ал бир адамга 1 000 сомду түзөт. 1-сентябрдан тартып бул көрсөткүч 1 500 сомго жогорулайт.
Мисалы, беш адамдан турган үй-бүлөнүн эсепке алынган бир айлык кирешеси 7 000 сом болсо, ар бир адамга 1 400 сомдон туура келет. Учурда мындай үй-бүлө киреше талабына жооп бербейт. Ал эми 1-сентябрдан кийин жөлөк пул алууга талапкер боло алат.
Бирок киреше жалгыз критерий эмес. Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн турак жайы, транспорту, жери, малы жана башка мүлкү да эске алынат.

Автоунаага байланыштуу талап кандай өзгөрөт

Азыр үй-бүлөдө пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жарактуу жеңил автоунаа болсо жөлөк пул берилбейт.
1-сентябрдан тартып бул чек 15 жылга түшөт. Жобонун жаңы редакциясында автоунаанын заводдон чыгарылган жылы да пайдалануу мөөнөтүнө кошулары көрсөтүлгөн.
Демек, пайдалануу мөөнөтү 15 жылдан 19 жылга чейинки автоунаа жөлөк пул алууга тоскоол болбойт.
Башка транспортко байланыштуу чектөөлөр сакталат. Үй-бүлөдө төмөнкү жарактуу техника болсо жөлөк пул берилбейт:
жүк ташуучу автоунаа;
кичи автобус;
трактор;
комбайн.

Турак жай ээлери үчүн эмне өзгөрөт

Эгер үй-бүлөнүн менчигинде турак жай түрүндөгү эки же андан көп кыймылсыз мүлк объекти болсо, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу берилбейт.
Бир турак жайга ээ болуу жөлөк пул алуу укугунан ажыратпайт. Бирок үй-бүлө башка талаптарга да жооп бериши керек.
Токтомдо кыймылсыз мүлктүн бардык түрү эмес, дал ушул турак жайлар жөнүндө айтылган. Ар бир үй-бүлө боюнча чечим анын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынат.

Жерден алынган киреше кайра эсептелет

1-сентябрдан тартып жер үлүштөрүнөн жана короо-жайдын жанындагы участоктордон алынган кирешенин жаңыртылган ченемдери колдонулат. Алар административдик-аймактык реформаны, айыл чарба продукциясынын баасын жана аны өндүрүүгө кеткен чыгымды эске алуу менен ар бир айыл жана айыл аймагы үчүн өзүнчө белгиленген.
Ошондуктан аянты бирдей болгон жер участокторунан алынуучу киреше ар бир калктуу конушта ар башкача эсептелиши мүмкүн.

Жөлөк пулдун өлчөмү көбөйбөйт

Кепилденген минималдуу кирешенин жогорулашы жөлөк пулдун өзү көбөйдү дегенди билдирбейт.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү мурдагыдай эле — 16 жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сом.
Райондук коэффициент белгиленген калктуу конуштарда жөлөк пул ошол коэффициентти эске алуу менен төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да билдирген.

Кимдер жөлөк пулга талапкер боло алат

Жаңы эреже боюнча, төмөнкү үй-бүлөлөрдүн жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү кеңеет:
бир адамга туура келген кирешеси мурдагы чектен жогору, бирок 1 500 сомдон төмөн болсо;
пайдалануу мөөнөтү 15 жылдан кем эмес жеңил автоунаасы болсо;
менчигинде бир эле турак жайы болсо.
Мындан тышкары, үй-бүлө программанын башка талаптарына да жооп бериши керек.
Жөлөк пул дайындатуу үчүн социалдык камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Мамлекеттик органдар керектүү маалыматтарды "Түндүк" электрондук тутуму аркылуу текшерет.
Жаңылыктар түрмөгү
0