https://sputnik.kg/20261006/el-nino-klimat-kubulush-kesepet-bala-1104113437.html
ЮНИСЕФ Эль-Ниньо дүйнөдөгү балдардын жарымына коркунуч жаратарын эскертти
ЮНИСЕФ Эль-Ниньо дүйнөдөгү балдардын жарымына коркунуч жаратарын эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун кесепети жүзгө жакын өлкөдө 347 миллиондон ашык балага таасирин тийгизмекчи. Бул тууралуу ЮНИСЕФ... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T10:51+0600
2026-10-06T10:51+0600
2026-10-06T10:51+0600
дүйнөдө
эль-ниньо
климат
кубулуш
кесепет
https://sputnik.kg/img/102479/25/1024792518_0:163:3061:1885_1920x0_80_0_0_5547609ee4a4eba3de37b89c93671d42.jpg
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун кесепети жүзгө жакын өлкөдө 347 миллиондон ашык балага таасирин тийгизмекчи. Бул тууралуу ЮНИСЕФ эскерткенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20261006/deti-2122472871.html Уюмдун маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь-декабрь айларында дүйнөдөгү балдардын дээрлик жарымы адаттан тыш кургакчылыкка же катуу жаан-чачынга туш болот. Мындай жагдай алааматтуу суу ташкындарынын жана кургакчылыктын коркунучун күчөтөт. ЮНИСЕФ бул көрүнүш калктын жапырт жер которуусуна, ачарчылыкка, таза суунун жетишсиздигине жана ар кандай оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Эскерте кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиард бала (бардык балдардын дээрлик жарымы) кургакчылык, катуу ысык же суу ташкыны сыяктуу климаттык коркунучтардын таасири астында жашайт. Ал эми Эль-Ниньо бул сыноолорду дагы да оорлотушу ыктымал. Август айында БУУ 2026-2027-жылдардагы Эль-Ниньо тарыхтагы эң күчтүү кубулуштардын бири болушу мүмкүн экенин кабарлаган эле. Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат. Тынч океанынын тропикалык бөлүгүндөгү океан сууларынын адаттан тыш жылышынан улам Эль-Ниньо кубулушу күчөп жатканы айтылган. Бул жакынкы айларда кооптуу аба ырайын жана андан улам болчу коркунучту арбытып, глобалдык ысыкка жана жаан-чачындын адаттагы ыраатына таасирин тийгизери күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260923/el-nino-450-000-ashyk-kishinin-omurun-alyp-ketishi-yktymal-1103861423.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102479/25/1024792518_166:0:2897:2048_1920x0_80_0_0_18983491a3e77fbcb8382c047270eadc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, эль-ниньо, климат, кубулуш, кесепет
дүйнөдө, эль-ниньо, климат, кубулуш, кесепет
ЮНИСЕФ Эль-Ниньо дүйнөдөгү балдардын жарымына коркунуч жаратарын эскертти
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун кесепети жүзгө жакын өлкөдө 347 миллиондон ашык балага таасирин тийгизмекчи. Бул тууралуу ЮНИСЕФ эскерткенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20261006/deti-2122472871.html
Уюмдун маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь-декабрь айларында дүйнөдөгү балдардын дээрлик жарымы адаттан тыш кургакчылыкка же катуу жаан-чачынга туш болот. Мындай жагдай алааматтуу суу ташкындарынын жана кургакчылыктын коркунучун күчөтөт.
ЮНИСЕФ бул көрүнүш калктын жапырт жер которуусуна, ачарчылыкка, таза суунун жетишсиздигине жана ар кандай оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиард бала (бардык балдардын дээрлик жарымы) кургакчылык, катуу ысык же суу ташкыны сыяктуу климаттык коркунучтардын таасири астында жашайт. Ал эми Эль-Ниньо бул сыноолорду дагы да оорлотушу ыктымал. Август айында БУУ 2026-2027-жылдардагы Эль-Ниньо тарыхтагы эң күчтүү кубулуштардын бири болушу мүмкүн экенин кабарлаган эле.
Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат.
Тынч океанынын тропикалык бөлүгүндөгү океан сууларынын адаттан тыш жылышынан улам Эль-Ниньо кубулушу күчөп жатканы айтылган. Бул жакынкы айларда кооптуу аба ырайын жана андан улам болчу коркунучту арбытып, глобалдык ысыкка жана жаан-чачындын адаттагы ыраатына таасирин тийгизери күтүлүүдө.