https://sputnik.kg/20261002/zhaparov-kyrgyzstandyn-sputnigi-tuuraluu-1104044533.html
Жапаров Кыргызстандын учурулган спутниги кандай пайда алып келерин айтты
Жапаров Кыргызстандын учурулган спутниги кандай пайда алып келерин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T09:59+0600
2026-10-02T09:59+0600
2026-10-02T09:59+0600
кыргызстан
спутник
садыр жапаров
айыл чарба
мониторинг
spacex
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104044351_0:27:1280:747_1920x0_80_0_0_9e872256f575b753d7231adaa6133cab.jpg
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында өлкөнүн алгачкы спутнигин орбитага чыгаруу аземинен кийин билдирди. Анын айтымында, спутник негизинен жаратылышты жана өлкөнүн аймагын мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Ал айыл чарба жерлеринин абалын, жер кыртышын, мөңгүлөрдүн эришин, аба ырайын, өзгөчө кырдаалдарды жана кен байлыктарды изилдөөгө жардам берет. Жапаров буга чейин Кыргызстан спутниги бар өлкөлөрдөн маалымат алып, бул үчүн каражат төлөп келгенин белгиледи. Президенттин айтымында, спутник аркылуу Кыргызстан өзүнүн 200 миң чарчы чакырымга жакын аймагын этап-этабы менен изилдеп, жер кыртышы жана жаратылыш ресурстары тууралуу маалыматтарды топтой алат. Бул маалыматтар айыл чарбасында да колдонулат. Тактап айтканда, дыйкандарга кайсы аймакка кандай өсүмдүк эгүү пайдалуу экени, күтүлүп жаткан түшүм жөнүндө, кургакчыл же жаанчыл мезгилдер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жапаров спутниктин ишке кириши өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык жактан маанилүү экенин белгиледи. Президент ошондой эле келечекте байланыш жана телекоммуникация кызматтарын камсыздай турган дагы бир спутникти учуруу планы бар экенин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261002/kyrgyzstandyn-algachky-sputnigi-uchuruldu-1104042143.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104044351_9:0:1272:947_1920x0_80_0_0_6872117dcc7e2447bfcb8a28bfc99507.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спутник, садыр жапаров, айыл чарба, мониторинг, spacex
кыргызстан, спутник, садыр жапаров, айыл чарба, мониторинг, spacex
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында өлкөнүн алгачкы спутнигин орбитага чыгаруу аземинен кийин билдирди.
Анын айтымында, спутник негизинен жаратылышты жана өлкөнүн аймагын мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Ал айыл чарба жерлеринин абалын, жер кыртышын, мөңгүлөрдүн эришин, аба ырайын, өзгөчө кырдаалдарды жана кен байлыктарды изилдөөгө жардам берет.
Жапаров буга чейин Кыргызстан спутниги бар өлкөлөрдөн маалымат алып, бул үчүн каражат төлөп келгенин белгиледи.
"Биз алардан 100 же 1000 гектар жер боюнча маалымат болобу, аба ырайы тууралуу маалымат болобу, сурап, чоң суммадагы каражат төлөп келгенбиз. Эми биз эч кимге көз каранды эмеспиз. Күн сайын 1,5-2 сааттай өзүбүздүн жерибизди изилдейбиз. 5-10 жылдын ичинде өлкө аймагын ар бир чарчы метрине чейин изилдеп чыгабыз. Топурагыбыз кандай, аны кантип пайдаланууга болот, канча кен байлыгыбыз бар — мунун баарын өзүбүз, эч кимге көз каранды болбой изилдейбиз", — деди ал.
Президенттин айтымында, спутник аркылуу Кыргызстан өзүнүн 200 миң чарчы чакырымга жакын аймагын этап-этабы менен изилдеп, жер кыртышы жана жаратылыш ресурстары тууралуу маалыматтарды топтой алат. Бул маалыматтар айыл чарбасында да колдонулат. Тактап айтканда, дыйкандарга кайсы аймакка кандай өсүмдүк эгүү пайдалуу экени, күтүлүп жаткан түшүм жөнүндө, кургакчыл же жаанчыл мезгилдер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жапаров спутниктин ишке кириши өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык жактан маанилүү экенин белгиледи. Президент ошондой эле келечекте байланыш жана телекоммуникация кызматтарын камсыздай турган дагы бир спутникти учуруу планы бар экенин кошумчалады.