Кыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды. Видео, сүрөт
Кыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды. Видео, сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын алгачкы спутниги АКШнын Калифорния штатынан учурулуп, ага президент Садыр Жапаров күбө болгонун "Ынтымак ордо"... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын алгачкы спутниги АКШнын Калифорния штатынан учурулуп, ага президент Садыр Жапаров күбө болгонун "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматта спутникти орбитага SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы алып чыкканы айтылат. Президенттик администрациядан спутниктин учурулушу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин биргелешкен ишинин натыйжасы болгонун билдиришти. Спутник Бишкектен башкарылат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө жана суу объектилерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салууга мүмкүндүк берет. Кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системаларга интеграцияланып, карталарды жана аналитикалык моделдерди түзүүдө пайдаланылат.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын алгачкы спутниги АКШнын Калифорния штатынан учурулуп, ага президент Садыр Жапаров күбө болгонун "Ынтымак ордо" кабарлады.
Маалыматта спутникти орбитага SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы алып чыкканы айтылат.
Президенттик администрациядан спутниктин учурулушу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин биргелешкен ишинин натыйжасы болгонун билдиришти. Спутник Бишкектен башкарылат.
Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө жана суу объектилерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салууга мүмкүндүк берет.
Кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системаларга интеграцияланып, карталарды жана аналитикалык моделдерди түзүүдө пайдаланылат.