https://sputnik.kg/20260930/kyrgyz-orus-ukuk-korgoo-birleshkent-borboru-kasymaliev-lantratova-1103996815.html
Кыргызстан менен Россия жарандардын укугун коргогон борбор түзүүнү пландоодо
Кыргызстан менен Россия жарандардын укугун коргогон борбор түзүүнү пландоодо
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат. 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T16:38+0600
2026-09-30T16:38+0600
2026-09-30T16:38+0600
кыргызстан
россия
мигранттар
укук коргоо
борбор
адылбек касымалиев
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1c/1099400258_0:199:2933:1849_1920x0_80_0_0_24aca78739d595c172ddf916e6180694.jpg
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат.Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи. Стратегиялык кызматташтык жөнүндө тиешелүү макулдашууга 17-сентябрда "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен биргеликте кол коюлган.Ал эми Касымалиев Россияда көптөгөн кыргызстандыктар жашап, иштеп жатканын айтып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана миграциялык, социалдык маселелерин чечип берүү маанилүү экенин белгиледи.Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн жаштарын бириктире турган биргелешкен жаштар кеңешин түзүү да макулдашылды.Жолугушуунун жыйынтыгында жаштардын укуктук сабатын жоюу, тарыхый эс-тутумду сактоо жана жарандарды биргелешип кабыл алуу сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалды.
https://sputnik.kg/20260921/rfte-med-teksheruudon-otuu-moonotuu-kyskardy-1103806000.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1c/1099400258_102:0:2831:2047_1920x0_80_0_0_673a74eb38682715cfa108bf9504248e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, мигранттар, укук коргоо, борбор, адылбек касымалиев
кыргызстан, россия, мигранттар, укук коргоо, борбор, адылбек касымалиев
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат.
Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.
Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.
Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи. Стратегиялык кызматташтык жөнүндө тиешелүү макулдашууга 17-сентябрда "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен биргеликте кол коюлган.
Ал эми Касымалиев Россияда көптөгөн кыргызстандыктар жашап, иштеп жатканын айтып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана миграциялык, социалдык маселелерин чечип берүү маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн жаштарын бириктире турган биргелешкен жаштар кеңешин түзүү да макулдашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жаштардын укуктук сабатын жоюу, тарыхый эс-тутумду сактоо жана жарандарды биргелешип кабыл алуу сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалды.