https://sputnik.kg/20260930/-flydubai-uchak-barymtaga-aluu-kodu-okuya-1104001659.html
Flydubai учагы барымтага алуу сигналын берген. Окуянын чоо-жайы
Flydubai учагы барымтага алуу сигналын берген. Окуянын чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Израилдин маалымат каражаттары бүгүн эртең менен Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai авиакомпаниясынын учагы барымтага алынышы... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T19:38+0600
2026-09-30T19:38+0600
2026-09-30T19:38+0600
дүйнөдө
бириккен араб эмирлиги
дубай
тель-авив
израиль
самолет
учкуч
flydubai
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1104001096_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_f75ee92d595fd05299f5e338186eb794.jpg
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Израилдин маалымат каражаттары бүгүн эртең менен Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai авиакомпаниясынын учагы барымтага алынышы мүмкүн экенин жазып чыгышты.Бортунда 180 жүргүнчүсү, анын ичинде 100 израилдик жаран бар лайнер алгач 7700, андан кийин учак басып алынганын билдирген 7500 сигналын берген.Маалыматтарга караганда, учак Сауд Арабиясы тарапка бурулуп, төмөнкү бийиктикке түшкөн. Кийинчерээк Boeing 737 учагы Сауд Арабиясына конууга аргасыз болгону маалымдалды.Израилдик басылмалардын алдын ала маалыматы боюнча, окуяга учкучтардын ортосундагы мушташ себеп болушу мүмкүн. Учкучтардын бири — Омандын жараны — 9 миң метрден ашуун (болжол менен 30 миң фут) бийиктиктен учакты тик ылдый кулатууга аракет кылган. Ошондой эле ал экинчи учкучка — Бириккен Араб Эмираттарынын жаранына бычак сайганы айтылууда.Социалдык тармактарда жүргүнчүлөр кол салган адамдын мизин кайтарып, аны зыянсыздандырууга жетишкенин айтып берген видеолор жарыяланды. ЖМКлардын кабарлашынча, эки учкучка тең медициналык жардам талап кылынып, экөө тең ооруканага жеткирилген.Журналисттердин маалыматы боюнча, учакты кондурууга жүргүнчүлөрдүн арасындагы башка учкучтар көмөктөшкөн.Омандык учкуч конгондон кийин суракка алынганы кабарланды. Израиль бийлиги болгон окуяны, анын ичинде террордук акты жасоо аракети катары да караштырууда.Окуянын расмий чоо-жайы жана жагдайлары такталууда.
https://sputnik.kg/20260811/pahtakordun-futbolchulary-kabylgan-kyrsyk-1102927916.html
бириккен араб эмирлиги
дубай
тель-авив
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1104001096_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_063a136a60ceaa9c828136fcc933ca5e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, бириккен араб эмирлиги, дубай, тель-авив, израиль, самолет, учкуч, flydubai
дүйнөдө, бириккен араб эмирлиги, дубай, тель-авив, израиль, самолет, учкуч, flydubai
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Израилдин маалымат каражаттары бүгүн эртең менен Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai авиакомпаниясынын учагы барымтага алынышы мүмкүн экенин жазып чыгышты.
Бортунда 180 жүргүнчүсү, анын ичинде 100 израилдик жаран бар лайнер алгач 7700, андан кийин учак басып алынганын билдирген 7500 сигналын берген.
Маалыматтарга караганда, учак Сауд Арабиясы тарапка бурулуп, төмөнкү бийиктикке түшкөн. Кийинчерээк Boeing 737 учагы Сауд Арабиясына конууга аргасыз болгону маалымдалды.
Израилдик басылмалардын алдын ала маалыматы боюнча, окуяга учкучтардын ортосундагы мушташ себеп болушу мүмкүн. Учкучтардын бири — Омандын жараны — 9 миң метрден ашуун (болжол менен 30 миң фут) бийиктиктен учакты тик ылдый кулатууга аракет кылган. Ошондой эле ал экинчи учкучка — Бириккен Араб Эмираттарынын жаранына бычак сайганы айтылууда.
Социалдык тармактарда жүргүнчүлөр кол салган адамдын мизин кайтарып, аны зыянсыздандырууга жетишкенин айтып берген видеолор жарыяланды. ЖМКлардын кабарлашынча, эки учкучка тең медициналык жардам талап кылынып, экөө тең ооруканага жеткирилген.
Журналисттердин маалыматы боюнча, учакты кондурууга жүргүнчүлөрдүн арасындагы башка учкучтар көмөктөшкөн.
Омандык учкуч конгондон кийин суракка алынганы кабарланды. Израиль бийлиги болгон окуяны, анын ичинде террордук акты жасоо аракети катары да караштырууда.
Окуянын расмий чоо-жайы жана жагдайлары такталууда.