https://sputnik.kg/20260925/tashtandy-toguuchu-jay-65-min-som-aiyp-pul-kuchotuu-1103887800.html
Таштандыны башаламан ыргыткандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда
Таштандыны башаламан ыргыткандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук... 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-25T09:21+0600
2026-09-25T09:21+0600
2026-09-25T09:26+0600
кыргызстан
мыйзам
долбоор
коомдук талкуу
айып пул
таштанды
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086860262_0:264:2048:1416_1920x0_80_0_0_28b2bfe0909926216148bbb6b8fd274f.jpg
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Долбоорго ылайык, мындай жайды түзгөн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Эгер эреже бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу чарасы каралган.Мындан тышкары, туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу каралууда. Бул жорук кайталанса айып өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жетет.Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үйүү же өрттөө үчүн айыпты 3 миңден 5,5 миң сомго чейин көтөрүү демилгеленген.Мыйзам долбоорунун авторлору бул өзгөртүүлөр мыйзамсыз таштанды жайларынын пайда болушун алдын алууга жана айлана-чөйрөнү булгоого карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталганын белгилешет.
https://sputnik.kg/20260709/tashtandy-alamudun-daryya-tazaloo-1102324884.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086860262_176:263:1873:1536_1920x0_80_0_0_2b8716bb4977afc1d5e2fce2f3ce2e99.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыйзам, долбоор, коомдук талкуу, айып пул, таштанды
кыргызстан, мыйзам, долбоор, коомдук талкуу, айып пул, таштанды
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, мындай жайды түзгөн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Эгер эреже бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу чарасы каралган.
Мындан тышкары, туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу каралууда. Бул жорук кайталанса айып өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жетет.
Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үйүү же өрттөө үчүн айыпты 3 миңден 5,5 миң сомго чейин көтөрүү демилгеленген.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул өзгөртүүлөр мыйзамсыз таштанды жайларынын пайда болушун алдын алууга жана айлана-чөйрөнү булгоого карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталганын белгилешет.