https://sputnik.kg/20260929/orunbekov-tashtandy-poligon-orttoo-diversiya-chagym-1103968497.html
Орунбеков: Бишкектин таштанды жайында чыккан өрт чагым болушу ыктымал
Орунбеков: Бишкектин таштанды жайында чыккан өрт чагым болушу ыктымал
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкектин рекультивацияланып, жашылдандырылган мурдагы санитардык полигонунда чыккан өрт атайлап жасалган диверсия болушу ыктымал... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T13:02+0600
2026-09-29T13:02+0600
2026-09-29T13:12+0600
кыргызстан
таштанды
өрт
чагымчылык
иликтөө
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102192811_16:18:3061:1731_1920x0_80_0_0_83bf7f5c38f8c0ed1b4ab96059cd9d84.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкектин рекультивацияланып, жашылдандырылган мурдагы санитардык полигонунда чыккан өрт атайлап жасалган диверсия болушу ыктымал. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.Анын айтымында, көп жылдар бою борбор шаардын башкы экологиялык көйгөйү болуп келген полигондогу түтүн менен тилсиз жоо толук өчүрүлүп, үстү топурак менен жабылган жана көчөттөр отургузулган. Ошондой эле таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заманбап завод курулуп, ишке киргизилген.Бирок бүгүн түндө жашылдандырылган тилкеде кайрадан от тутанган. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, белгисиз адамдар ал жакка автоунаа дөңгөлөктөрүн ташып барып, бир нече жерден атайлап өрт коюшкан. Тилсиз жоо түнкү саат экилер чамасында толук чектөөгө алынып, өчүрүлдү.Орунбеков мындай кадам коомчулукта бийликтин жасаган иштерине күмөн саноо жаратуу максатын көздөшү мүмкүн экенин белгиледи.Маалымат кызматынын жетекчиси алдыда өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер жана президенттик шайлоо жакындап калганын эске салып, мындай мезгилде ар кандай чагымчыл аракеттер күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Ал жарандарды мамлекеттик жана коомдук мүлккө зыян келтире турган мындай жоруктардан алыс болууга чакырды. Ошондой эле аталган факт боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаганын, иликтөөнүн жыйынтыгында өрттү уюштургандар жана алардын түпкү ниети тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилерин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260929/sanitardyk-poligon-orttoo-bishkek-tergoo-ishi-1103967802.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102192811_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_7b133ccbecc4b7959f747df5cbec60b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, таштанды, өрт, чагымчылык, иликтөө
кыргызстан, таштанды, өрт, чагымчылык, иликтөө
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкектин рекультивацияланып, жашылдандырылган мурдагы санитардык полигонунда чыккан өрт атайлап жасалган диверсия болушу ыктымал. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, көп жылдар бою борбор шаардын башкы экологиялык көйгөйү болуп келген полигондогу түтүн менен тилсиз жоо толук өчүрүлүп, үстү топурак менен жабылган жана көчөттөр отургузулган. Ошондой эле таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заманбап завод курулуп, ишке киргизилген.
Бирок бүгүн түндө жашылдандырылган тилкеде кайрадан от тутанган. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, белгисиз адамдар ал жакка автоунаа дөңгөлөктөрүн ташып барып, бир нече жерден атайлап өрт коюшкан. Тилсиз жоо түнкү саат экилер чамасында толук чектөөгө алынып, өчүрүлдү.
Орунбеков мындай кадам коомчулукта бийликтин жасаган иштерине күмөн саноо жаратуу максатын көздөшү мүмкүн экенин белгиледи.
“Мындай аракетке баргандардын максаты эмне болушу мүмкүн? Бул атайын жасалган диверсиябы? “Полигондогу өрттү өчүрүп, топурак менен жаптык дедиңер эле, мына кайра эле күйүп жатат” деген көрүнүштү атайын жаратып, коомдо шек жаратуу аракетиби? Ансыз да социалдык тармактарда так ушундай суроо коюп видео тараткандар дароо чыкты”, — деп жазды ал.
Маалымат кызматынын жетекчиси алдыда өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер жана президенттик шайлоо жакындап калганын эске салып, мындай мезгилде ар кандай чагымчыл аракеттер күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Ал жарандарды мамлекеттик жана коомдук мүлккө зыян келтире турган мындай жоруктардан алыс болууга чакырды. Ошондой эле аталган факт боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаганын, иликтөөнүн жыйынтыгында өрттү уюштургандар жана алардын түпкү ниети тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилерин кошумчалады.