https://sputnik.kg/20260929/evrobirimdik-jany-byudjet-alty-mamleket-ultimatum-1103968079.html
ЕБдин алты өлкөсү биримдиктин жаңы бюджети боюнча ультиматум койду
ЕБдин алты өлкөсү биримдиктин жаңы бюджети боюнча ультиматум койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Германия, Нидерланддар, Швеция, Дания, Австрия жана Финляндия Европа биримдигинин жаңы жети жылдык бюджетиндеги чыгымдарды жүздөгөн... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T12:39+0600
2026-09-29T12:39+0600
2026-09-29T12:47+0600
дүйнөдө
бюджет
кыскартуу
талап
өлкө
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029140_0:146:3122:1902_1920x0_80_0_0_9bd1f02fb15a62920942d9e9a64abd46.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Германия, Нидерланддар, Швеция, Дания, Австрия жана Финляндия Европа биримдигинин жаңы жети жылдык бюджетиндеги чыгымдарды жүздөгөн миллиард еврого кыскартууну талап кылышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасы аталган алты өлкөнүн бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.Мамлекет башчылары эгер алардын талаптары эске алынбаса, 2028–2034-жылдарга каралган бюджет боюнча макулдашууну бөгөттөп (кабыл алууга вето коюп) коюшу мүмкүн экенин эскертишти.Аталган мамлекеттер каражатты аскердик-өнөр жай комплексин жана инновациялык ишканаларды өнүктүрүүгө багыттоону сунуштоодо. Муну менен катар алар айыл чарбасын жана ЕБдин жакыныраак аймактарын каржылоону азайтууну көздөп, мындай кадамды экономикалык жана коргонуу жаатындагы чакырыктар менен түшүндүрүшүүдө.Евробиримдик өлкөлөрү жаңы бюджеттин акыркы вариантын ушул жылдын аягына чейин макулдашуусу керек. 2026-жылдын экинчи жарымында ЕБ Кеңешине төрагалык кылган Ирландия долбоорду күзүндө тартуулайт. Көп жылдык каржылык алкакты бекитүү үчүн бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.
https://sputnik.kg/20260924/eb-kievge-rf-aktivinen-8-mlrd-evro-berdi-1103866018.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029140_196:0:2927:2048_1920x0_80_0_0_85e3e972eb48e25e774b858bd77bdec6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, бюджет, кыскартуу, талап, өлкө
дүйнөдө, бюджет, кыскартуу, талап, өлкө
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Германия, Нидерланддар, Швеция, Дания, Австрия жана Финляндия Европа биримдигинин жаңы жети жылдык бюджетиндеги чыгымдарды жүздөгөн миллиард еврого кыскартууну талап кылышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасы аталган алты өлкөнүн бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Мамлекет башчылары эгер алардын талаптары эске алынбаса, 2028–2034-жылдарга каралган бюджет боюнча макулдашууну бөгөттөп (кабыл алууга вето коюп) коюшу мүмкүн экенин эскертишти.
Аталган мамлекеттер каражатты аскердик-өнөр жай комплексин жана инновациялык ишканаларды өнүктүрүүгө багыттоону сунуштоодо. Муну менен катар алар айыл чарбасын жана ЕБдин жакыныраак аймактарын каржылоону азайтууну көздөп, мындай кадамды экономикалык жана коргонуу жаатындагы чакырыктар менен түшүндүрүшүүдө.
Евробиримдик өлкөлөрү жаңы бюджеттин акыркы вариантын ушул жылдын аягына чейин макулдашуусу керек. 2026-жылдын экинчи жарымында ЕБ Кеңешине төрагалык кылган Ирландия долбоорду күзүндө тартуулайт. Көп жылдык каржылык алкакты бекитүү үчүн бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Европарламенттин жактыруусу талап кылынат.