https://sputnik.kg/20260929/aksh-iran-izrail-sogush-kat-1103974208.html
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалыктарга ачык кат жолдоду
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалыктарга ачык кат жолдоду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) эки өлкө ортосундагы уланып жаткан жаңжалга байланыштуу АКШ жарандарына ачык... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T17:01+0600
2026-09-29T17:01+0600
2026-09-29T17:01+0600
дүйнөдө
акш
иран
израиль
согуш
кат
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103972698_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_0a08afc44f1105a4384e981ff77d4999.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) эки өлкө ортосундагы уланып жаткан жаңжалга байланыштуу АКШ жарандарына ачык кат жолдоду. Анда согуш 3,6 миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы, көбү карапайым тургундар болуп, 400гө жакыны балдар экени айтылат. Катта ошондой эле сегиз университет, үч оорукана жана сегиз мектеп зыян тартканы белгиленген. Ошол эле учурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израиль менен АКШнын чабуулдарынын кесепетинен өлкөдө 5 миңден ашуун адам каза болгонун билдирген. Келтирилген сандардагы айырмачылык иран тараптын түрдүү билдирүүлөрү жана баалоолору менен байланыштуу. ИРСК ошондой эле АКШ менен Израиль жаңжалда жеңилүүгө дуушар болгонун, ал эми Иран андан жеңүүчү болуп чыкканын ырастоодо. Корпустун өкүлү Хосейн Мохеби Тегерандын өзөктүк курал жасоо ниети бар деген билдирүүлөрдү калп деп атады. Мохеби АКШ жетекчилигин Иранга карата саясатын өзгөртүүгө чакырган. Анын айтымында, Вашингтон каражатты аскердик операцияларга эмес, башка өлкөлөргө жардам берүүгө көбүрөөк жумшашы керек болчу. АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Тегеран да жооп кайтарган. Июнь айында тараптар согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан, бирок кийинчерээк чабуулдар кайрадан жанданган.
https://sputnik.kg/20260927/iran-zhakynky-chygysh-aksh-1103929520.html
акш
иран
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103972698_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_473540a1619ea14c5a31f44b591cf260.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, израиль, согуш, кат
дүйнөдө, акш, иран, израиль, согуш, кат
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалыктарга ачык кат жолдоду
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) эки өлкө ортосундагы уланып жаткан жаңжалга байланыштуу АКШ жарандарына ачык кат жолдоду.
Анда согуш 3,6 миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы, көбү карапайым тургундар болуп, 400гө жакыны балдар экени айтылат. Катта ошондой эле сегиз университет, үч оорукана жана сегиз мектеп зыян тартканы белгиленген.
Ошол эле учурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израиль менен АКШнын чабуулдарынын кесепетинен өлкөдө 5 миңден ашуун адам каза болгонун билдирген. Келтирилген сандардагы айырмачылык иран тараптын түрдүү билдирүүлөрү жана баалоолору менен байланыштуу.
ИРСК ошондой эле АКШ менен Израиль жаңжалда жеңилүүгө дуушар болгонун, ал эми Иран андан жеңүүчү болуп чыкканын ырастоодо. Корпустун өкүлү Хосейн Мохеби Тегерандын өзөктүк курал жасоо ниети бар деген билдирүүлөрдү калп деп атады.
Мохеби АКШ жетекчилигин Иранга карата саясатын өзгөртүүгө чакырган. Анын айтымында, Вашингтон каражатты аскердик операцияларга эмес, башка өлкөлөргө жардам берүүгө көбүрөөк жумшашы керек болчу.
"Эгерде АКШнын башкаруучу төбөлдөрү ар кайсы өлкөлөргө кол салуунун ордуна өз чыгымынын жок дегенде 10 пайызын жардам берүүгө багыттаса, аларды жакшы көрүп калышмак. АКШ жетекчилигинин саясатын өзгөртө турган убагы келе элекпи?" — деп кошумчалады Мохеби.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Тегеран да жооп кайтарган. Июнь айында тараптар согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан, бирок кийинчерээк чабуулдар кайрадан жанданган.