00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Баран за миллион долларов, учебники с уголовным делом и диплом для тех, кто за границей: «Если разобраться» — 23 сентября
12:05
73 мин
Күн башат
Мектептеги билим турмушка даярдап жатабы? PISA-2025 эмнени көрсөттү
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Текебаев Кыргызстанда улуттук кайра жаралуу доорунун жаңы этабы башталганын айтты

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoКыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев. Архив
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өлкөдө акыркы жылдары байкалган экономикалык өсүштү дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан кырдаалдан ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен байланыштырды. Бул тууралуу ал "Кыргыз Туусу" гезитине курган маегинде билдирди.
Саясатчы Борбор Азиянын өз алдынча саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, аймактагы мамлекеттердин кызматташтыгы күчөп жатканын белгиледи.
Текебаевдин айтымында, дүйнөдө экономикалык байланыштар, соода жолдору, технологиялык өнүгүү жана күч борборлорунун ортосундагы мамилелер өзгөрүп жаткан учурда Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктары менен тышкы өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын тең салмактоого аракет кылып жатат.
Ал өлкөдөгү экономикалык өсүш менен катар коомдо тарыхка, маданиятка жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуу күчөгөнүн белгиледи. Текебаев муну улуттук кайра жаралуу процессинин жаңы этабы катары баалаган.

“Бирок мени экономика гана кызыктырбайт. Кыргызстанга акыркы сапарымда коомдогу жалпы маанайдын өзгөргөнүн сездим. Мен болуп жаткан процессти улуттук кайра жаралуунун экинчи этабы деп атаар элем”, — деген Текебаев маегинде.

Анын айтымында, биринчи этап 1990-жылдардын башында, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо башталган. Ошол учурда коом өзүнүн тарыхын, тилин, маданиятын жана улуттук символдорун кайрадан таанып-билген.
“Бирок бул процесс өтө оор экономикалык каатчылыктын капшабында калып, эски система ыдыраган шартта жүргөн. Бүгүнкү кырдаал башкача. Өз тарыхына болгон жаңы кызыгуу, экономиканын өсүшү, курулуштар жана өлкөнүн дарамети артып жатканын сезүү менен коштолууда”, — деген элчи.
Дипломат ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара ишеним жана кызматташтык күчөп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарын кеңейтүү менен катар эл аралык маселелер боюнча да өз ара кеңешип, кызматташууга көбүрөөк көңүл бурууда.
Маекте элчи "Династия. Металл. Ат. Евразиялык көчмөн цивилизациясынын жаралышы" аттуу трилогиясынын биринчи тому тууралуу да айтып берген. Китепте Саян-Алтайдан Тянь-Шанга чейинки аймактагы байыркы көчмөн цивилизациясынын калыптанышы археологиялык, генетикалык жана тарыхый маалыматтардын негизинде изилденгени белгиленди.
Текебаевдин айтымында, байыркы көчмөн дүйнөнүн өнүгүшүндөгү негизги факторлорду шарттуу түрдө "династия, металл жана ат" түшүнүктөрү менен байланыштырууга болот. Ал эми XXI кылым үчүн алардын функционалдык эквиваленти катары идентификация, энергия жана санариптик технологияларды атады.
 Садыр Жапаров “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2026
Биргелешкен инвестициялык фонд жана ЖИ. Жапаров Сеулда демилгелерди көтөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0