00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Баланы ийгиликтүү лидер кылуу үчүн эмне кылыш керек ?
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп кадр
Кыргыз киносу 85 жашта: кадр маселеси эмнеге дагы деле актуалдуу?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда канча мекеме банкроттук абалда турары айтылды
21:08
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Биргелешкен инвестициялык фонд жана ЖИ. Жапаров Сеулда демилгелерди көтөрдү

© Фото / пресс-служба президента КР Садыр Жапаров “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү
 Садыр Жапаров “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сеул шаарында өткөн “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён катышты.
Жапаров акыркы жылдары динамикалуу, ынтымактуу жана экономикалык жактан бири-бирине тыгыз байланышкан мейкиндикке айланган Борбор Азиядагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Мамлекет башчы Кореяны чөлкөмдүн ишенимдүү өнөктөшү деп атады.

“Учурдагы этаптагы негизги милдет жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүк нугуна буруу болуп саналат”, — деди ал.

Жапаров келишимдердин ишке ашуусун көзөмөлдөө жана саясий колдоо көрсөтүү ишин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине жүктөөнү демилгеледи.
Экономикалык чөйрөдө Жапаров өнөр жай министрлеринин учурдагы консультативдик механизминин алкагында Инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, ири долбоорлорду каржылоо, өндүрүштү жандандыруу жана корей бизнесин чөлкөмгө тартуу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд ачууну сунуштады.
Мындан тышкары, президент технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектини киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле саммит катышуучуларын 2027-жылдагы “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине чакырып, “жашыл” мобилдүүлүк жана гидроэнергетика жаатындагы кызматташтыкты арттырууга чакырды. Мамлекет башчы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү аркылуу адам капиталын өнүктүрүүнү башкы багытка айлантууну дагы сунуштады.
“Биздин жарандардын билимине, кесиптик жөндөмүнө жана талантына салынган инвестиция өлкөлөрүбүздүн технологиялык жаңылануусунун, туруктуу экономикалык өсүшүнүн жана узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн бекем пайдубалы болушу керек”, — деди Жапаров.
Сөзүнүн соңунда өлкө башчы кезектеги жолугушууга чейин “Борбор Азия — Корея Республикасы” форматы реалдуу натыйжаларды көрсөтүшү керектигин кошумчалады.
Жапаров и Ли Чжэ Мён провели переговоры в Сеуле  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2026
Медборбор жана виза жеңилдиги. Жапаров Корея лидери менен сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0