https://sputnik.kg/20260918/alagozov-mektep-kitepteri-tartyshtyk-7-milliard-som-1103756102.html
Жапаров китеп тартыштыгын толук жоюу үчүн 7 млрд сом бөлүүнү чечти
Жапаров китеп тартыштыгын толук жоюу үчүн 7 млрд сом бөлүүнү чечти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T13:27+0600
2026-09-18T13:27+0600
2026-09-18T13:30+0600
кыргызстан
мектеп
китеп
садыр жапаров
каражат
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101314213_0:159:2560:1599_1920x0_80_0_0_7cf39f6c1602e20634eb88a6036ff5fa.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Ал окуу китептери боюнча ата-энелердин нааразычылыгы негиздүү экенин, анткени канча миллиард сом бөлүнүп же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин тийгени маанилүү болуп саналарын белгиледи.Алагөзов окуу китептери боюнча абал мурдатан бери эле көйгөй жаратып келгенин, бул тармакка жылына орточо 100 миллион сомдон бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда 1,3 миллиард сомдон ашык каражат жумшалып, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылганын эске салды.Ошондой эле өлкө 12 жылдык билим берүүгө өтүп, программалар жаңыланып жатканы жана чет өлкөдөн кайткан үй-бүлөлөрдүн эсебинен окуучулардын саны өскөнү белгиленди. Бирок маалымат катчы бул жагдайлар китеп жетишсиздигине шылтоо болбошу керектигин кошумчалады.Мындан тышкары, Агартуу министрлигине мындан ары жалпы сандар менен чектелбей, өз сайтына ар бир мектеп боюнча кайсы сабактан канча китеп берилгенин, канчасы жетишпей жатканын жана алар качан басылып келерин ачык жарыялоо талабы коюлганы кабарланды.Ошондой эле китептердин басылышы жана базарга кантип чыгып кеткени боюнча ар бир суроого так жооп алынып, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылары эскертилди.
https://sputnik.kg/20260916/mektep-kitepteri-bazardagy-satyk-kasymaliev-tashyrma-1103693854.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101314213_108:0:2452:1758_1920x0_80_0_0_f41aaf38d0a33e9d66bb6f1a1b27e781.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, китеп, садыр жапаров, каражат
кыргызстан, мектеп, китеп, садыр жапаров, каражат
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал окуу китептери боюнча ата-энелердин нааразычылыгы негиздүү экенин, анткени канча миллиард сом бөлүнүп же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин тийгени маанилүү болуп саналарын белгиледи.
“Мамлекет башчы Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алып, каржы маселеси толук чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек. Эгер “Учкун” ишканасынын кубаттуулугу жетпесе, талапка жооп берген башка ата мекендик басмаканаларды да ишке тартуу зарылдыгы айтылды”, - деди маалымат катчы.
Алагөзов окуу китептери боюнча абал мурдатан бери эле көйгөй жаратып келгенин, бул тармакка жылына орточо 100 миллион сомдон бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда 1,3 миллиард сомдон ашык каражат жумшалып, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылганын эске салды.
Ошондой эле өлкө 12 жылдык билим берүүгө өтүп, программалар жаңыланып жатканы жана чет өлкөдөн кайткан үй-бүлөлөрдүн эсебинен окуучулардын саны өскөнү белгиленди. Бирок маалымат катчы бул жагдайлар китеп жетишсиздигине шылтоо болбошу керектигин кошумчалады.
Мындан тышкары, Агартуу министрлигине мындан ары жалпы сандар менен чектелбей, өз сайтына ар бир мектеп боюнча кайсы сабактан канча китеп берилгенин, канчасы жетишпей жатканын жана алар качан басылып келерин ачык жарыялоо талабы коюлганы кабарланды.
Ошондой эле китептердин басылышы жана базарга кантип чыгып кеткени боюнча ар бир суроого так жооп алынып, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылары эскертилди.