https://sputnik.kg/20260916/mektep-kitepteri-bazardagy-satyk-kasymaliev-tashyrma-1103693854.html
Касымалиев окуу китептери базарларга кантип чыгып кеткенин текшерүүнү тапшырды
Касымалиев окуу китептери базарларга кантип чыгып кеткенин текшерүүнү тапшырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын базарларында окуу китептеринин сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T10:53+0600
2026-09-16T10:53+0600
2026-09-16T11:05+0600
кыргызстан
мектеп
китеп
базар
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099715843_0:84:1600:984_1920x0_80_0_0_79176ec692275cc97f6262a0b3eab952.jpg.webp
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын базарларында окуу китептеринин сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.Маалыматка ылайык, тиешелүү тапшырманы өкмөт башчы Адылбек Касымалиев берди. Буга жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн акысыз каралган окуу китептери соода түйүндөрүндө сатылып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгон.Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Агартуу министрлигине окуучуларга акысыз бериле турган китептердин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысын кылдат териштирүүнү, алардын базарларга түшүп калуу булактарын жана жагдайларын аныктоону тапшырды. Ошондой эле басылып чыккан, өткөрүлүп берилген жана бөлүштүрүлгөн нускалардын иш жүзүндөгү көлөмүн расмий буйрутмалар жана документтер менен салыштырып текшерүү милдеттендирилди.Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.Буга чейин депутат Дастан Бекешев “Учкундан” чыккан китептер базарда сатылып жатканын айтып чыккан. Ал мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жатса, базарга кайдан тарап жатканына кызыккан. Билим берүү министрлиги бул көйгөй бар экенин тастыктап, укук коргоо органдарынан текшерип берүүнү суранган.
https://sputnik.kg/20260915/147-min-bala-mektep-bosogosun-attady-1103670820.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099715843_89:0:1512:1067_1920x0_80_0_0_f249fce54da0fa2ee2bd4d3bf07f2518.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, китеп, базар, текшерүү
кыргызстан, мектеп, китеп, базар, текшерүү
Касымалиев окуу китептери базарларга кантип чыгып кеткенин текшерүүнү тапшырды
10:53 16.09.2026 (Жаңыртылды: 11:05 16.09.2026) БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын базарларында окуу китептеринин сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тапшырманы өкмөт башчы Адылбек Касымалиев берди. Буга жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн акысыз каралган окуу китептери соода түйүндөрүндө сатылып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгон.
Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Агартуу министрлигине окуучуларга акысыз бериле турган китептердин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысын кылдат териштирүүнү, алардын базарларга түшүп калуу булактарын жана жагдайларын аныктоону тапшырды. Ошондой эле басылып чыккан, өткөрүлүп берилген жана бөлүштүрүлгөн нускалардын иш жүзүндөгү көлөмүн расмий буйрутмалар жана документтер менен салыштырып текшерүү милдеттендирилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев “Учкундан” чыккан китептер базарда сатылып жатканын айтып чыккан. Ал мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жатса, базарга кайдан тарап жатканына кызыккан. Билим берүү министрлиги бул көйгөй бар экенин тастыктап, укук коргоо органдарынан
текшерип берүүнү суранган.