https://sputnik.kg/20260917/okuu-kitepterinin-bazarda-satylyshy-uchkun-1103726824.html
"Учкун" окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча үн катты. Видео
"Учкун" окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча үн катты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Дордой" баштаган базарларда сатылып жаткан окуу китептери уурдалып басылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Учкун" басмаканасынын... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T14:38+0600
2026-09-17T14:38+0600
2026-09-17T15:32+0600
кыргызстан
"учкун" басмаканасы
окуу китеби
базар
https://sputnik.kg/img/102987/68/1029876861_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_a7fc69e034b4ea1882493a63b221b024.jpg
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Дордой" баштаган базарларда сатылып жаткан окуу китептери уурдалып басылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Учкун" басмаканасынын аппарат башчысы Бек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, басмакана базарларга китеп таратпайт. Бирок Агартуу министрлиги жана менчик мектептердин буюртмасынын негизинде китеп басып беришет. Ал эми ишкананын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев басмаканада китеп мамлекеттик мектептер үчүн гана басыларын, бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгонун билдирди. "Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз", — деди Кубат Бейшеев. Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган. "Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 миллион сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган", — деди ал.
https://sputnik.kg/20260916/mektep-kitepteri-bazardagy-satyk-kasymaliev-tashyrma-1103693854.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102987/68/1029876861_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_4074c59791e538f6ccb50d83fbe5ff24.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "учкун" басмаканасы, окуу китеби, базар
кыргызстан, "учкун" басмаканасы, окуу китеби, базар
"Учкун" окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча үн катты. Видео
14:38 17.09.2026 (Жаңыртылды: 15:32 17.09.2026) БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Дордой" баштаган базарларда сатылып жаткан окуу китептери уурдалып басылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Учкун" басмаканасынын аппарат башчысы Бек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, басмакана базарларга китеп таратпайт. Бирок Агартуу министрлиги жана менчик мектептердин буюртмасынын негизинде китеп басып беришет.
"Азыр технология өнүккөн заман. Базарда сатылып жаткан китептер "пираттык" же көчүрмө болушу мүмкүн. Аны эч ким билбейт. Агартуу министрлиги ошону тактап бергиле деп укук коргоо органдарына кайрылды. Мурда да эки жолу кайрылган экен. "Учкун" "Дордойго" китеп берген жок, бербейт дагы", — деди Иманалиев.
Ал эми ишкананын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев басмаканада китеп мамлекеттик мектептер үчүн гана басыларын, бүгүнкү күнгө чейин жеке жактар үчүн да китеп чыгарууга укуктуу болгонун билдирди.
"Мыйзам бузган жокпуз, келишимге ылайык кайрылгандарга саттык. Бирок ар бир сатып алуучу китептерди кайда алып барып, кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөй албайбыз", — деди Кубат Бейшеев.
Анын айтымында, китептерин жоготуп алган балдардын ата-энелери жаңысын кайдан сатып алса болорун сурап кайрылышкан. Жеке мектептерден да суроо-талап болгон. Ошондуктан басмакананын сайтына мамлекет бекиткен баа жарыяланган.
"Жеке мектептер, мисалы, 10-20дан китеп сатып алышат. Баары өтүнмөлөргө ылайык. Бүгүндөн тарта уруксатты жокко чыгарышты. Бизге деле жакшы, тынчыраак болот. Бир жылда болжол менен 23 миллион сомго окуу китептерин саттык. Каражат басмакананы тейлөөгө жумшалган", — деди ал.