Борбор Азия жана Түштүк Корея лидерлери Сеул декларациясына кол коюшту

© Фото / пресс-служба президента КР
Жазылуу
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбор Азия жана Түштүк Корея лидерлери "Борбор Азия — Корея Республикасы" саммитинин жыйынтыгы менен Сеул декларациясына кол коюшту.
Тараптар төмөнкүлөр боюнча макулдашты:
"Борбор Азия — Корея Республикасы" саммитин эки жылда бир өткөрүү;
террорчулук, баңгизат ташуу, киберкоркунучтар жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөштү кошкондо коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө;
соода, инвестиция, транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү;
критикалык минералдар, энергетика, санариптештирүү, жасалма интеллект жана жаңы технологиялар тармагында кызматташуу;
айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана авиация тармагындагы алаканы кеңейтүү;
гуманитардык байланыштарды өнүктүрүп, Борбор Азиядагы этникалык корейлер — коре-сарамдарды колдоо.
Экинчи саммитти 2028-жылы Астанада өткөрүү сунушталды.

