00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдеги кооперация: Кыргызстан өндүрүшүн жаңы деңгээлге чыгара алабы?
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Жаңы окуу жылына Бишкектеги мектептердин даярдыгы кандай?
21:10
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көптүңөр! Депутат аткаруу бийлиги менен Бишкек мэриясын сындады

© Фото / Скриншот из видеоДепутат Эрулан Көкүлов
Депутат Эрулан Көкүлов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин жыйынында аткаруу бийлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын аракеттерин кескин сынга алды.
Эл өкүлү мурда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевдин айланасында жүргөндөр көөп кетишсе, андан кийин алардын орду өзгөргөнүн белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө эми аткаминерлер көчөлөрдөгү реалдуу көйгөйлөрдү моюнга алуунун ордуна эл өкүлдөрүнүн көтөргөн маселелерин “жалган” деп көрсөтүүгө аракет кылып жатканына нааразы болду. Атап айтканда, депутат Болот Ибрагимов Бишкектеги оңдолгон жолдордун кемчиликтери боюнча кайрылуу жасагандан кийин тиешелүү органдар тарабынан “депутат алдап жатат, жолдор түптүз” деген сыяктуу жооптор чыкканын сынга алды.

“Бүгүнкү күндө өкмөт ушундай көрүнүп жатат. Кечээ кесиптешибиз Болот Ибрагимов Бишкектеги жолдор боюнча кайрылса, эртеси күнү “Жогорку Кеңештин депутаты калп айтып, алдап жатат, жолдор түптүз, сонун экен” деген видео чыгыптыр. Урматтуу мэрия, биз колубуздан келишинче силерди колдоп жатабыз. Бирок мынчалыкка барбагыла да! Бардык нерсенин чеги бар. Бишкектеги жолдордун эрип жатканы калппы? Бул чындык! "Тупикке" келип такалып калган арыктарыңар калппы? Бул чындык! Веложолдорго тургузуп койгон мамыларыңар калппы? Мунун баарын эл көрүп жатат да. Кайсы бир бөлүмдүн адиси чыгып алып, Жогорку Кеңештин депутаты калп айтып жатат деп сүйлөйт. Мындай болбойт да”, — деди Көкүлов.

Ал ошондой эле буга чейин Бишкекте салынып жаткан мектептердин бирин видеого тартып, курулуш сапатсыз, полунун асты көңдөй экенин көрсөтүп соцтармакка чыгарганын, эртеси Курулуш министрлиги ал “убактылуу пол” экенин билдиргенин айтты.
“Бул жерде отургандардын көбүнүн курулуштан кабары болсо керек. Убактылуу пол дегенди уккансыңарбы? Мен баары начар, эч ким иштебей жатат деген жокмун. Бирок кемчиликтерди айтып, көрсөтүү — менин милдетим. Эл мага ишенип, депутат кылып шайлаган. Эгер мындан ары да ушундай улана берсе, биздин сөзүбүздүн кадыры калбайт”, — деди депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2026
Касымалиев окуу китептери базарларга кантип чыгып кеткенин текшерүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0