https://sputnik.kg/20260916/deputattar-sottolgon-daryger-beyshebaeva-boyuncha-un-katty-1103698505.html
Депутаттар соттолгон нефролог Бейшебаеваны бошотууну суранышты
Депутаттар соттолгон нефролог Бейшебаеваны бошотууну суранышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева үч жылга соттолгон балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T13:06+0600
2026-09-16T13:06+0600
2026-09-16T13:20+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
нефролог
сот
өкүм
депутат
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0c/1086940879_0:218:2346:1538_1920x0_80_0_0_6aebf9ebe9f28b2a10fcd6f5e5031ed2.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева үч жылга соттолгон балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын иши боюнча пикирин билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылышты.Эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков ак халатчандардын атынан президентке жана парламент төрагасына кайрылып, Бейшебаеваны абактан бошотууну өтүндү. Ал кесипкөй дарыгер өз ишине кайтып, балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк аларына үмүт артты.Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева бул маселе жеке бир гана дарыгердин эмес, жалпы ата мекендик медицинанын келечегине тиешелүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бейтаптын абалынын начарлап кетиши — чоң трагедия жана мындай учурлар кылдат иликтенип, бейтаптардын укуктары толук корголушу керек. Ошол эле маалда медициналык татаалдашууларды кылмыш катары кароо өтө кооптуу экенин айтты.Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Буга дарыланып жаткан кыздын оорусу күчөп кетип, оң бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Буга чейин аталган борбордун жамааты да мамлекет башчысына кайрылып, көп жылдык тажрыйбасы бар адиске арачы түшкөн эле.
https://sputnik.kg/20260911/bishkekte-nefrolog-nasira-beyshebaeva-3-zhylga-kamaldy-1103602791.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0c/1086940879_0:0:2346:1761_1920x0_80_0_0_58e9468c29920ddaa17d1b16a6e2ca94.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, нефролог, сот, өкүм, депутат, сунуш
кыргызстан, жогорку кеңеш, нефролог, сот, өкүм, депутат, сунуш
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева үч жылга соттолгон балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын иши боюнча пикирин билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылышты.
Эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков ак халатчандардын атынан президентке жана парламент төрагасына кайрылып, Бейшебаеваны абактан бошотууну өтүндү. Ал кесипкөй дарыгер өз ишине кайтып, балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк аларына үмүт артты.
Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева бул маселе жеке бир гана дарыгердин эмес, жалпы ата мекендик медицинанын келечегине тиешелүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бейтаптын абалынын начарлап кетиши — чоң трагедия жана мындай учурлар кылдат иликтенип, бейтаптардын укуктары толук корголушу керек. Ошол эле маалда медициналык татаалдашууларды кылмыш катары кароо өтө кооптуу экенин айтты.
“Оорунун кесепетин дарыгердин кылмышы деп эсептөөгө болобу? Медицинада эч бир илдет татаалдашуусуз өтпөйт. Диагноз так коюлуп, дарылоо туура жүргүзүлгөн учурда да организм ар кандай жооп кайтарып, баары күтүлбөгөндөй болуп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө дарылоо учурунда бир нече жолу консилиум өткөрүлгөн, демек, чечимди Бейшебаева жалгыз өзү кабыл алган эмес. Эгер дарыгер оор дарылоонун акыбети кылмыш жоопкерчилиги болот деп кабыл ала баштаса, эртең башка чоң көйгөйгө туш болобуз. Адистер оор абалдагы бейтаптарды кабыл алуудан коркуп калышат. Айрыкча бул балдар медицинасында кооптуу. Анткени алар күн сайын чоң тобокелчилик менен чечим чыгарышат. Бизге адам өмүрүн сактап калуудан жалтанбаган күчтүү дарыгерлер керек”, — деди Садырбаева.
Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Буга дарыланып жаткан кыздын оорусу күчөп кетип, оң бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Буга чейин аталган борбордун жамааты да мамлекет башчысына кайрылып, көп жылдык тажрыйбасы бар адиске
арачы түшкөн эле.