https://sputnik.kg/20260913/nasira-beyshebaeva-ishine-medikter-prezidentten-korduk-surandy-1103634099.html
Дарыгерлер соттолгон нефролог боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты
Дарыгерлер соттолгон нефролог боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, соттолгон нефролог Насира Бейшебаеванын ишине... 13.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-13T11:35+0600
2026-09-13T11:35+0600
2026-09-13T11:50+0600
кыргызстан
дарыгер
кылмыш
сот
дарыгерлер
https://sputnik.kg/img/104773/40/1047734009_0:106:2040:1254_1920x0_80_0_0_739db6bb24b41c9340a49f216c275e9c.jpg
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, соттолгон нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүндү.Медицина кызматкерлери баланын жана анын үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшөрүн, бирок оор кесепет дарыгердин атайылап жасаган аракетинен улам келип чыкпаганын белгилешкен. Алардын айтымында, кесиптешине карата чыккан мындай чечим дарыгерлер арасында кооптонууну жаратып, өзгөчө оор клиникалык учурларда адистердин жоопкерчиликти моюнга алып, ыкчам чечим кабыл алуудан коркуп калышына алып келиши ыктымал.Кайрылууда Бейшебаева 1997-жылдан бери бөйрөктүн оор патологиясы менен жабыркаган балдарды дарылап, 89 бөйрөк алмаштыруу операциясына катышканы айтылат. Кесиптештери анын көп жылдык ак эмгегин жана тажрыйбасын эске алып, дарыгерлик ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты.Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Дарыгер сот залынан камакка алынган. Бул кылмыш иши 2024-жылы бейтап кыздын энесинин арызынан кийин козголгон. Энеси дарыгерлердин катасынан улам кызынын оорусу күчөп, натыйжада оң бутун ампутациялоого туура келгенин билдирген.Дарыгер 2026-жылдын февраль айында кармалып, кийинчерээк сот иши жүрүп жаткан маалда үй камагына чыгарылган болчу. Коргоо тарап Бишкек шаардык сотунун эркинен ажыратуу чечимине макул эместигин жана жогорку инстанцияга даттанарын билдирген.
https://sputnik.kg/20251109/tokmok-mas-ajdoochu-kylmysh-1097725814.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104773/40/1047734009_114:0:1927:1360_1920x0_80_0_0_1194c438196e9763f2ea36908c7673ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дарыгер, кылмыш, сот, дарыгерлер
кыргызстан, дарыгер, кылмыш, сот, дарыгерлер
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, соттолгон нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүндү.
Медицина кызматкерлери баланын жана анын үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшөрүн, бирок оор кесепет дарыгердин атайылап жасаган аракетинен улам келип чыкпаганын белгилешкен. Алардын айтымында, кесиптешине карата чыккан мындай чечим дарыгерлер арасында кооптонууну жаратып, өзгөчө оор клиникалык учурларда адистердин жоопкерчиликти моюнга алып, ыкчам чечим кабыл алуудан коркуп калышына алып келиши ыктымал.
Кайрылууда Бейшебаева 1997-жылдан бери бөйрөктүн оор патологиясы менен жабыркаган балдарды дарылап, 89 бөйрөк алмаштыруу операциясына катышканы айтылат. Кесиптештери анын көп жылдык ак эмгегин жана тажрыйбасын эске алып, дарыгерлик ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты.
Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Дарыгер
сот залынан камакка алынган. Бул кылмыш иши 2024-жылы бейтап кыздын энесинин арызынан кийин козголгон. Энеси дарыгерлердин катасынан улам кызынын оорусу күчөп, натыйжада оң бутун ампутациялоого туура келгенин билдирген.
Дарыгер 2026-жылдын февраль айында кармалып, кийинчерээк сот иши жүрүп жаткан маалда үй камагына чыгарылган болчу. Коргоо тарап Бишкек шаардык сотунун эркинен ажыратуу чечимине макул эместигин жана жогорку инстанцияга даттанарын билдирген.

9 Жетинин айы 2025, 18:34