https://sputnik.kg/20260916/18-zhashtagy-kyz-mefedron-menen-karmaldy--1103707100.html
Бишкекте 18 жаштагы кыздан өзгөчө ири өлчөмдө мефедрон табылды. Видео
Бишкекте 18 жаштагы кыздан өзгөчө ири өлчөмдө мефедрон табылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте синтетикалык баңгизат ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T16:53+0600
2026-09-16T16:53+0600
2026-09-16T16:53+0600
кыргызстан
бишкек
баңгизат
маңзат
мефедрон
кылмыш
иим
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082654862_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_6a7023d844326c94a99ce9686e71398c.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте синтетикалык баңгизат ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Милиция тараткан видеодон баңгизат көп кабат үйлөрдүн биринин тепкичине катылганын, шектүү чака-чуканын артынан керектүү баштыгын алып, сумкасына салып чыгып кеткенин көрүүгө болот. ИИМдин маалыматына караганда, 18 жаштагы А.Б. жана башка тиешеси бар адамдар баңгизатты сатып үлгүрүшкөндө 10 миллион сомдон ашык каражат тапмак. Кыздын телефонун текшере келгенде баңгизат саткан дүкөн менен жазышкандары аныкталган. Учурда баңгизаттын кайдан алынганы, өлкөгө кандай жол менен ташылып келингени жана аны мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260915/bishkek-sotu-bangikylmysh-statistika-1103686606.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082654862_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_97e6490fbc7b30065415e9be48d60d12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, баңгизат, маңзат, мефедрон, кылмыш, иим
кыргызстан, бишкек, баңгизат, маңзат, мефедрон, кылмыш, иим
Бишкекте 18 жаштагы кыздан өзгөчө ири өлчөмдө мефедрон табылды. Видео
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте синтетикалык баңгизат ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Милиция тараткан видеодон баңгизат көп кабат үйлөрдүн биринин тепкичине катылганын, шектүү чака-чуканын артынан керектүү баштыгын алып, сумкасына салып чыгып кеткенин көрүүгө болот.
ИИМдин маалыматына караганда, 18 жаштагы А.Б. жана башка тиешеси бар адамдар баңгизатты сатып үлгүрүшкөндө 10 миллион сомдон ашык каражат тапмак. Кыздын телефонун текшере келгенде баңгизат саткан дүкөн менен жазышкандары аныкталган.
Учурда баңгизаттын кайдан алынганы, өлкөгө кандай жол менен ташылып келингени жана аны мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.