https://sputnik.kg/20260701/orban-biylikke-kaytyp-kelishi-mumkun--1102167586.html
ЖМКлар Орбандын Венгриянын бийлигине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн жазууда
ЖМКлар Орбандын Венгриянын бийлигине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн жазууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венгриянын азыркы премьер-министри Петер Мадьярдын өтө эле радикал болуп кеткен иштери Батышты түйшөлдүрүүдө жана мындан улам өлкөнүн... 01.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-01T09:47+0600
2026-07-01T09:47+0600
2026-07-01T09:47+0600
дүйнөдө
батыш
венгрия
виктор орбан
петер мадьяр
бийлик
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093402685_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_14a3a631dc31d79fbbe2c17f58a5c2dd.jpg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венгриянын азыркы премьер-министри Петер Мадьярдын өтө эле радикал болуп кеткен иштери Батышты түйшөлдүрүүдө жана мындан улам өлкөнүн башына Виктор Орбан кайтып келиши мүмкүн. Бул туурасында Magyar Nemzet басылмасы жазды. Июнь айынын башында Будапештте жаңы өкмөткө нааразы болгон акциялар өткөн. Буга Петер Мадьярдын президент Тамаш Шуйок боюнча кадамдары себеп болду. Премьер-министр аны, Конституциялык соттун мүчөлөрүн, Венгриянын башкы прокурорун 31-майга чейин кызматтан кетүүгө чакырган. А бирок Шуйоктун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2029-жылдын жазында аяктайт. Президент өзү мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө эч кандай конституциялык негиз жок экенин билдирип, талаштуу маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен Европа Кеңешине караштуу Венеция комиссиясына кайрылган. Коюлган шарттын мөөнөтү бүткөндөн кийин Мадьяр Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө барарын айтып, зекиген.
https://sputnik.kg/20260619/ukrainanyn-ebge-tezdetilgen-shartta-kirishine-zhol-berilgen-zhok-1101977400.html
батыш
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093402685_52:0:2783:2048_1920x0_80_0_0_0cc587f835a10ebba25e106e421ec29a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, батыш, венгрия, виктор орбан, петер мадьяр , бийлик
дүйнөдө, батыш, венгрия, виктор орбан, петер мадьяр , бийлик
ЖМКлар Орбандын Венгриянын бийлигине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн жазууда
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венгриянын азыркы премьер-министри Петер Мадьярдын өтө эле радикал болуп кеткен иштери Батышты түйшөлдүрүүдө жана мындан улам өлкөнүн башына Виктор Орбан кайтып келиши мүмкүн. Бул туурасында
Magyar Nemzet басылмасы жазды.
"Соростун түзүмдөрүнүн бири, тагыраагы, Human Rights Watch* уюму Венгрия боюнча түйшөлүп турат. Баш мыйзамдын шашылыш өзгөртүлүшү, коомдук талкуулардын жоктугу жана мыйзам берчү кепилдиктердин атталып өтүшү "мыйзамдуулуктун болуп турушуна доо кетирет". Аларды Мадьярдын адегенде эле аша чаап алганы кооптондурууда. Себеби бул кадам глобалисттердин Венгрия боюнча пландарын жарга такайт. Мындай аңдабай жасалган иш анын бийликте отурушун узартпай, Орбандын кайра кайтып келишине жол ачышы мүмкүн", — деп белгиленет макалада.
Июнь айынын башында Будапештте жаңы өкмөткө нааразы болгон акциялар өткөн. Буга Петер Мадьярдын президент Тамаш Шуйок боюнча кадамдары себеп болду.
Премьер-министр аны, Конституциялык соттун мүчөлөрүн, Венгриянын башкы прокурорун 31-майга чейин кызматтан кетүүгө чакырган. А бирок Шуйоктун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2029-жылдын жазында аяктайт. Президент өзү мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө эч кандай конституциялык негиз жок экенин билдирип, талаштуу маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен Европа Кеңешине караштуу Венеция комиссиясына кайрылган. Коюлган шарттын мөөнөтү бүткөндөн кийин Мадьяр Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө барарын айтып, зекиген.