https://sputnik.kg/20260911/lavrov-akshnyn-gaza-boyuncha-plany-kulady-1103600814.html
Лавров: АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды
Лавров: АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Америкалыктарда “бир уюлдуу дүйнө куруу” каалоосу терең орноп калган, бирок алардын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды жана... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T14:35+0600
2026-09-11T14:35+0600
2026-09-11T14:47+0600
дүйнөдө
россия
батыш
европа
газа сектору
нато
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100599892_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_3589a0f3654451d98e85b655dca0fcdf.jpg
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Америкалыктарда “бир уюлдуу дүйнө куруу” каалоосу терең орноп калган, бирок алардын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды жана НАТОдогу союздаштары менен көйгөйлөрү бар. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.Ал Россия АКШ менен да, өзүнө кайрылган башка бардык тараптар менен да алака жүргүзүп жатканын белгиледи.Муну менен катар Россия БУУ, ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБ алкагында ишин уланта берерин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260903/aziyaga-umtulgan-nato-rftin-birimdikke-kadamy--1103424404.html
батыш
европа
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100599892_176:0:2905:2047_1920x0_80_0_0_4d71837bf09572ed1b9e9148048508da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, европа, газа сектору, нато
дүйнөдө, россия, батыш, европа, газа сектору, нато
Лавров: АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды
14:35 11.09.2026 (Жаңыртылды: 14:47 11.09.2026) БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Америкалыктарда “бир уюлдуу дүйнө куруу” каалоосу терең орноп калган, бирок алардын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды жана НАТОдогу союздаштары менен көйгөйлөрү бар. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
“АКШнын Газа боюнча планы ишке ашпай жатат, анткени буга Израиль макул эмес. Мындан тышкары, Дональд Трамптын НАТОдогу өнөктөштөрү — Канада жана Гренландия маселеси боюнча Дания менен да пикир келишпестиктери бар. Ал эми башка көпчүлүк өлкөлөргө эч нерсе түшүнбөйсүңөр деп айтууда. Америкалыктардын бүт дүйнөнү жалгыз башкарып, өз билгенин таңуулоо адаты канына сиңип калган”, — деди Лавров РБК каналына.
Ал Россия АКШ менен да, өзүнө кайрылган башка бардык тараптар менен да алака жүргүзүп жатканын белгиледи.
“Бул биз бардык нерседе баары менен макул болуп жатабыз дегенди билдирбейт. АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путин эч кандай алдын ала шартсыз дайыма бири-бирин угууга даяр экенин айтып келишет. Саясат да, дипломатия да дал ушунда”, — деп белгиледи Лавров.
Муну менен катар Россия БУУ, ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБ алкагында ишин уланта берерин кошумчалады.
“Булар — биздин коңшулар. Ал жакта бизде жакшы жыйынтыктар бар. Ал эми глобалдык масштабда ШКУ менен БРИКС дүйнөнүн төрт бурчунан улам жаңы өлкөлөр умтулуп жаткан келечектүү бирикмелер болуп саналат”, — деди РФ министри.