Көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү мастер-класстар өттү
Көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү мастер-класстар өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдык... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдык мааракесине карата өзгөчө инклюзивдүү иш-чаралар өттү.Иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Белая Трость” уюму “Росатом” мамкорпорациясынын колдоосу менен көчмөн маданиятын жана салттуу кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдик тажрыйба менен айкалыштырган боз үй тикти.Андагы сегиз багытты камтыган интерактивдүү чеберканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ыктыярчылар келген меймандар үчүн түрдүү мастер-класстарды өткөрүштү. Келген чет элдик коноктор боз үйдүн тиричилик буюмдарын сенсордук туюмдар аркылуу изилдеп, пластилинден жана самандан чыгармачыл эмгектерди жаратышты. Мындан тышкары, “Караңгыда сейилдөө” жана толук караңгылыкта идиш-аякты көрбөстөн тамактануу сыяктуу адаттан тыш интерактивдер өткөрүлдү.“Росатомдун” Кыргызстандагы жетекчиси Дмитрий Константинов бул боз үй аркылуу баарына ачык жана жеткиликтүү аянтча түзүп, инклюзия ири эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгү боло аларын көрсөтүү негизги максат болгонун айтты.Белгилей кетсек, 24-августтан 5-сентябрга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары - 2026” эл аралык инклюзивдүү лагери өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия жана Казакстандын өкүлдөрү катышкан. Долбоор 2011-жылдан бери парустук экспедицияларда жана чыгармачыл иш-чараларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана чектелбеген адамдарды бириктирип келет.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдык мааракесине карата өзгөчө инклюзивдүү иш-чаралар өттү.
Иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Белая Трость” уюму “Росатом” мамкорпорациясынын колдоосу менен көчмөн маданиятын жана салттуу кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдик тажрыйба менен айкалыштырган боз үй тикти.
Коноктор боз үйдүн тиричилик буюмдарын сенсордук туюмдар аркылуу изилдеп, пластилинден жана самандан чыгармачыл эмгектерди жаратышты
Андагы сегиз багытты камтыган интерактивдүү чеберканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ыктыярчылар келген меймандар үчүн түрдүү мастер-класстарды өткөрүштү. Келген чет элдик коноктор боз үйдүн тиричилик буюмдарын сенсордук туюмдар аркылуу изилдеп, пластилинден жана самандан чыгармачыл эмгектерди жаратышты. Мындан тышкары, “Караңгыда сейилдөө” жана толук караңгылыкта идиш-аякты көрбөстөн тамактануу сыяктуу адаттан тыш интерактивдер өткөрүлдү.
“Росатомдун” Кыргызстандагы жетекчиси Дмитрий Константинов бул боз үй аркылуу баарына ачык жана жеткиликтүү аянтча түзүп, инклюзия ири эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгү боло аларын көрсөтүү негизги максат болгонун айтты.
Белгилей кетсек, 24-августтан 5-сентябрга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары - 2026” эл аралык инклюзивдүү лагери өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия жана Казакстандын өкүлдөрү катышкан. Долбоор 2011-жылдан бери парустук экспедицияларда жана чыгармачыл иш-чараларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана чектелбеген адамдарды бириктирип келет.