https://sputnik.kg/20260907/kochmondor-oyundarynda-kazakstan-birinchi-orundu-aldy-1103515164.html
Алагөзов Көчмөндөр оюнунда командалык эсепте Казакстан биринчини алганын айтты
Алагөзов Көчмөндөр оюнунда командалык эсепте Казакстан биринчини алганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T17:42+0600
2026-09-07T17:42+0600
2026-09-07T17:42+0600
кыргызстан
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
казакстан
медаль
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103514853_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_52899fcc9e14652f46e4cd5e302ea2eb.jpg
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал командалык эсеп боюнча медалдарды эсептөөдө техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин, бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алганын белгиледи. Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкекте башталып, негизги бөлүгү Ысык-Көлдө өттү. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн 3000дей спортчу катышты. Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан уз-усталар чогулуп, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.
https://sputnik.kg/20260906/kok-boru-kokpar-syjlyk-1103487349.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103514853_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_185ebc282055888799cd376ed5839334.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, казакстан, медаль
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, казакстан, медаль
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал командалык эсеп боюнча медалдарды эсептөөдө техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин, бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алганын белгиледи.
"Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Медалдын эсеби — спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду", — деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкекте башталып, негизги бөлүгү Ысык-Көлдө өттү. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн 3000дей спортчу катышты. Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан уз-усталар чогулуп, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.